Бишкек шаары2006-жылдын 7-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салуу жаатында салык салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтү, Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салуу жаатында салыксалуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө макулдашуу түзүүнү жана эконо-микалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү жа-на чыњдоону каалоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. Ушул Макулдашуу колдонула турган жактар Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан Мамлекеттердин резиденттериболуп саналган жактарга карата колдонулат. 2-статья. Макулдашуу колдонула турган салыктар 1. Ушул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, киреше-лерден алынуучу салыктарга карата Макулдашкан Мамлекеттин, анын адми-нистрациялык-аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын аты-нан колдонулат. 2. Кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтериненалынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар, ошондой элекапиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар кирешеденалынуучу салыктар деп эсептелет. 3. Ушул Макулдашуу колдонула турган орун алган салыктар, атап айт-канда: а) Кыргызстанда: (i) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешелеринен алынуучусалык; (ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы; (мындан ары "кыргыз тараптын салыктары" деп аталат). Ь) Латвия Республикасында; (i) ишканалардын кирешесинен алынуучу салык (unsemumu ienakuma no-doklis); (ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы (iedzivotaju ienakumanodoklis); (мындан ары "латыш салыктары" деп аталат). 4. Ушул Макулдашууга кол коюлган датадан кийин орун алган салык-тарга толуктоо катары же алардын ордуна алына турган ар кандай окшош жемањызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдо-нулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тие-шелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттууөзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турууга тийиш. 3-статья. Жалпы аныктамалар 1. Эгерде контекстен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунунмаксатында: а) "Макулдашкан Мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекет" дегентермин контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Чех Республикасын бил-дирет; Ь) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Геог-рафиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Респуб-ликасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясынжүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдону-луп жаткан аймакты билдирет. с) "Латвия" деген термин Латвия Республикасын билдирет жана геог-рафиялык мааниде пайдаланганда латыш мыйзамдарына жана эл аралык укук-тардын нормаларына ылайык Латвия Республикасы дењиздин түбүнө, анын ка-зынасына жана жаратылыш байлыктарына карата өзүнүн эгемендүү укуктарынжүзөгө ашырып жаткан Латвия Республикасынын аймагын жана Латвия Респуб-ликасынын аймактык сууларына жанаша жаткан ар кандай районду билдирет; d) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кан-дай башка бирикмесин камтып турат; е) "компания" деген термин салык салуу максаттары үчүн корпора-тивдүү бирикме катары каралган ар кандай корпоративдүү бирикмени же аркандай уюмду билдирет; f) "Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи МакулдашканМамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан Мамле-кеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана экинчи Макулдаш-кан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет; g) "эл аралык ташуу" деген термин" дењиз, аба кемеси, жол же жердежүрүүчү транспортту экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги пункттардын орто-сунда жана пайдаланылгандан башка учурларда, Макулдашкан Мамлекеттинишканасы тарабынан пайдаланылган дењиз, аба кемеси, жол же жердежүрүүчү транспорт тарабынан ар кандай ташууну билдирет; h) "компетентүү орган" деген термин: (i) Кыргызстанда - Экономика жана каржы министрлигин же анын ыйга-рым укуктуу өкүлүн; (ii) Латвияда - Каржы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнбилдирет; i) "улуттук жак" деген термин: (i) Макулдашкан Мамлекеттин граждандыгына ээ болгон ар кандай жекежакты; (ii) Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайыкөзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктикти же ассоци-ацияны билдирет. 2. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, Макулдашкан Мамлекеттарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонууда, анда аныктал-баган ар кандай термин ушул Мамлекеттин ушул Макулдашуу колдонула тур-ган салыктарга карата мыйзамдары боюнча ошол учурда ал ээ болгон маани-ге, ушул Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамдарында аныкталган ар кандаймааниге ээ болуп, ушул Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган маа-ниге караганда басымдуулук кылат. 4-статья. Резидент 1. Ушул Макулдашуунун максатында "Макулдашкан Мамлекеттин резиден-ти" деген термин анын туруктуу жашаган жеринин, туруктуу турган жери-нин, башкарган жеринин, себептери боюнча же ушул сыяктуу мүнөздөгү баш-ка критерийлер боюнча ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ал жерде са-лык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле ушулМамлекеттин ар кандай администрациялык бөлүмүн же бийликтин жергиликтүүоргандарын камтып турат. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги киреше бу-лагынан салык салына турган ар кандай жакты камтыбайт. 2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки МакулдашканМамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй анык-талууга тийиш; а) ал туруктуу жашаган турак-жайы бар Мамлекеттин резиденти депэсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте туруктуу турак-жайы болсо, алөзүнүн алда-канча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары (турмуштукталамдарынын борбору) бар Мамлекеттин резиденти деп эсептелет; Ь) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору бар Мамлекетти анык-тоо мүмкүн болбосо, же болбосо анын мына ушул Мамлекеттердин биринде датуруктуу турак жайы болбосо, ал өзү адатта жашаган Мамлекеттин резиден-ти деп эсептелет. с) эгерде ал адатта эки Мамлекетте же болбосо алардын биринде жа-шаса, ал өзү гражданы болуп эсептелген Мамлекеттин резиденти деп эсеп-телет; d) эгерде ал эки Мамлекеттин гражданы болуп эсептелсе, же болбосоалардын биринин да гражданы болуп эсептелбесе, Макулдашкан Мамлекеттер-дин компетенттүү органдары бул маселени өз ара Макулдашуу боюнча чечи-шет ушундай жакка карата Макулдашууну колдонуунун тартибин аныктайт. 3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбегенжак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, МакулдашканМамлекеттердин компетентүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу бо-юнча жөнгө салат жана ушул жакка карата Макулдашууну колдонуунун тарти-бин аныктайт. 5-статья. Туруктуу мекеме 1. Ушул Макулдашуунун максатында "туруктуу мекеме" деген терминишкананын ишкердик кылуу иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашы-рылып жаткан иштин туруктуу ордун билдирет. 2. "туруктуу мекеме" деген термин негизинен: а) башкара турган жерди; Ь) бөлүмдү; с) кењсени; d) фабриканы; e) чеберкананы, жана f) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ре-сурстары алына турган башка жерди; j) айыл чарба, жайыт же токойчулук иштери жүзөгө ашырыла турганферманы, жайытты же токойчулукту камтып турат. 3. Ушундай иш 9 айдан ашык улантылган учурда гана, курулуш аянтча-сы, курулуш монтаждоочу жыйноочу объект туруктуу мекеме деп эсептелет. 4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, "турукту мекеме"деген термин: а) курулуштарды жана жабдууларды ишканага таандык болгон товарлар-ды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында гана пайдалануу-ну; Ь) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарынсактоо көрсөтүү же жөнөтүү максатында гана күтүүнү; с) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарынбашка ишканаларга кайра иштетип берүү максатында гана күтүүнү; d) иштин туруктуу ордун товарларды же буюмдарды сатып алуу, жеболбосо ишкана үчүн маалымат жыйноо максатында гана күтүүнү; e) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгүар кандай иштин башка түрүн жүзөгө ашыруу максатында гана күтүүнү; f) ушундай комбинациянын натыйжасында келип чыккан иштин туруктууордундагы жыйынды иш алдын алуучу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта, иш-тин туруктуу ордун a)- e) пунктчаларында айтылган аракеттердин ар кан-дай комбинациялары үчүн гана күтүүнү камтыбайт. 5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде өзүнө карата6-пункт колдонула турган көз карандысыз статусу бар агентке карагандажак - ишин ишкананын атынан жүзөгө ашырса жана Макулдашкан Мамлекеттеушул ишкананын атынан контракттарды түзүүгө ыйгарым укуктуу болсо жанаадатта ушул ыйгарым укуктарды пайдаланса, эгерде ушул жактын иши 4-пун-кта айтылган туруктуу мекеме чектелгенден, эгерде ал иштин туруктуу ор-ду аркылуу жүзөгө ашырылгандан, ушул пунктун жоболоруна ылайык иштинушул туруктуу ордун туруктуу мекемеге айландырбагандан башка учурларда,анда ушул жак ишкана үчүн жүзөгө ашырып жаткан ар кандай ишке каратаалганда бул ишкана ушул Мамлекетте туруктуу ишканасы бар ишкана катарыкаралат. 6. Ишкана мына ушул Мамлекетте көз карандысыз статуска ээ болгонброкер, комиссиялык агент же ар кандай башка агент аркылуу ишкердик кы-луу ишин жүзөгө ашыргандыктан, ушундай жактар өзүнүн адаттагы ишининалкагында аракеттенген шартта гана ишкананын Макулдашкан Мамлекетте ту-руктуу мекемеси жок деп эсептелет. 7. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияныконтролдошунун же контролдонушунун же мына ушул экинчи Мамлекетте иш-кердик кылуу ишин жүзөгө ашырышынын фактысы (же болбосо туруктуу мекемеаркылуу, же болбосо башкача жол менен) өзүнөн өзү ушул компаниялардынбирин экинчисинин туруктуу мекемесине айландырбайт. 6-статья. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи МакулдашканМамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (анын ичинде айыл жана токойчарбасынан алынган киреше) алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамле-кетте салык салынышы мүмкүн. 2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Ма-кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келген мааниге ээ болот. Бултермин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата алганда көмөкчү мүнөздөболгон мүлктү - айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малды жанажабдууларды, жерге болгон менчикке карата жалпы укуктун жоболору колдо-нула турган укукту, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык ре-сурстарды, табигый булактарды жана башка кендерди иштеп чыгуу же иштепчыгуу укугу үчүн компенсация катарындагы өзгөрүлмө же так белгиленгентөлөмдөргө болгон укукту камтып турат. Дењиз, аба жана ошондой эле жер-де жүрүүчү транспорту кыймылсыз мүлк катары каралбайт. 3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан,ижарага берүүдөн же кандайдыр бир башка формада пайдалануудан алынганкирешеге, ошондой эле кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган ки-решеге карата колдонулат. 4. Эгерде компаниянын акцияларына же башка корпоративдүү укуктары-на ээлик кылуу ушул акциялардын жана корпоративдүү укуктардын ээсинеишканага таандык болгон кыймылсыз мүлктү пайдаланууга мүмкүнчүлүк бер-се, анда ушундай укукту тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же кан-дайдыр бир башка формада пайдалануудан алынган кирешелерге ушул кыймыл-сыз мүлк жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 5. 1 жана 3 жана 4-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсызмүлкүнөн алынган кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтардыкөрсөтүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерге кара-та да колдонулат. 7-статья. Ишкерлик кылуу ишинен түшкөн пайда 1. Эгерде ушундай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкантуруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырбаса, Макулдаш-кан Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салы-нат. Эгерде ишкана ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырса, ишкананынпайдасына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок салыканын ушундай туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана салынат. 2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде Макулдашкан Мамлекеттинишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркы-луу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашкан Мамле-кетте ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушул сыяк-туу шарттарда, ушундай же ушул сыяктуу иш жүргүзгөндө жана өзү туруктуумекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз карандылыкта аракеттенген-де алышы мүмкүн болгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык кылынат. 3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин мак-саттары үчүн тартылган чыгашаларды, анын ичинде бул чыгашалардын турук-туу мекеме жайгашкан Мамлекетте же ар кандай жерде тартылгандыгына ка-рабастан, башкаруучулук жана жалпы администрациялык чыгашаларды чыгарыпсалууга жол берилет. Бирок туруктуу мекеме тарабынан роялти, сый акы жебашка ушул сыяктуу төлөмдөр катары патенттерди же башка укуктарды пай-далануунун ордуна же көрсөтүлгөн кызматтар же башкаруу үчүн комиссиялыктөлөмдөр катары ишкананын башкы офисине же анын ар кандай башка офисте-рине төлөнгөн (фактылай чыгашалардын ордун толтуруудан башка) суммалар-га карата мындай чыгарып салууга жол берилбейт, буга банк мекемелерининтуруктуу мекемеге заем катары берилген суммасына пайыздарды төлөшү кир-бейт. 4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандыкболгон пайданы ишкананын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пайдасынын жалпысуммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкташы адаттагыпрактика болуп эсептелсе, ушул статьянын 2-пунктундагы жоболор Макул-дашкан Мамлекетке салык салынуучу пайданы адатта кабыл алынгандай ушун-дай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн тандалыпалынган практикасы ушул статьяда камтылган принциптерге ылайык келгеннатыйжаларды берүүгө тийиш. 5. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн то-варларды же буюмдарды сатып алуунун себеби боюнча туруктуу мекемегеэсептелбейт. 6. Эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүүнегиздер жок болсо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу меке-меге таандык кылынган пайда жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат. 7. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка статьяларында өзүнчөкарала турган кирешенин элементтери киргизилсе, анда ошол статьялардынжоболоруна ушул статьянын жоболору тиешелүү болбойт. 8-статья. Эл аралык ташуулар 1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташуудадењиз, аба кемелерин, жол же жерде жүрүүчү транспортту пайдаланууданалган пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат. 2. 1-пункттун жоболору пулеге, биргелешкен ишканага, же болбосотранспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмга катышууданалынган пайдасына карата колдонулат. 9-статья. Ассоциацияланган ишканалар 1. Эгерде: а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттинишканасын башкарууга контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыртүрдө катышса; же Ь) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын, ошондой элеэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого жеанын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жанакаржылык өз ара мамилелерде көз карандысыз эки ишкананын ортосунда болотурган шарттан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишкана-лардын биринде топтолгон, алардын бирине эсептелиши мүмкүн болгон, би-рок ушул шарттардын болушунан улам ага чегерилбеген ар кандай пайдаушул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тиешелүү түрдө салык салынышымүмкүн. 2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайда-сын салык салууга киргизсе жана тиешелүү түрдө экинчи Макулдашкан Мам-лекеттин мына ушул Мамлекетте салык салынган пайдасына салык салса жанаушундай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишкана-сына эсептелиши мүмкүн болгон пайда болуп эсептелсе, эгерде эки ишкана-нын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундаорун алган шарттар сыяктуу болсо, анда экинчи Мамлекет ушул пайдаданалынуучу салыктын суммасына карата тиешелүү корректировкаларды жасайт.Ушундай корректировкалоону аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболорукаралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органда-ры зарыл учурда бири-бири менен консультация өткөрүп турушат. 10-статья. Дивиденддер 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынанэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге мынаушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай дивиденддерге дивиденддерди төлөгөн компания рези-денти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте да, ушул Мамлекеттин мый-замдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин ишжүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептел-се, анда ушундай жол менен алынган салык: а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөнкомпаниянын капиталынын кеминде 25 пайызына түздөн-түз ээлик кылганкомпания (шериктиктен башка) болуп саналса, дивиденддердин жалпы сумма-сынын 5 пайызынан; Ь) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 10 па-йызынан ашпайт. Бул пункт компанияга дивиденддер төлөнө турган пайдага карата са-лык салынышына тиешелүү болбойт. 3. "Дивиденддер" деген термин ушул статьяда пайдаланганда акция-лардан, "жуиссанс" акцияларынан же "жуиссанс" укуктарынан, кен казыпалуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же карыз-дык милдеттенмелер болуп эсептелбеген, пайдага катышкан башка укуктар-дан түшкөн кирешелерди, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан жанапайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген МамлекеттинМыйзамдарына ылайык салык салуу жаатында акциялардан түшкөн кирешелергетењештирилген башка кирешелерди билдирет. 4. Эгерде дивиддендердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуу менен дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болупэсептелген экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме ар-кылуу мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу база-дан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө же көрсөтүп келсе жана ди-виденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында туруктуу мекеме менен бай-ланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындайучурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат. 5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген ком-пания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, эгерде мын-дай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентинетөлөнгөндөн же эгерде дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ушулэкинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге чынында эле таандык кы-лынгандан башка учурларда, мына ушул экинчи Мамлекет дивиденддерден аркандай салыкты жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан ар кандайсалыкты, атүгүл эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайдамына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толугуменен же жарым жартылай түзүлсө да ар кандай салыкты ала албайт. 11-статья. Пайыздар 1. Бир Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резидентине төлөнгөн пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай пайыздарга алар келип чыккан Мамлекеттин мыйзамда-рына ылайык Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок эгердепайыздарды иш жүзүндө алуучу экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентиболуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык пайыздардын жалпысуммасынын 10 пайызынан ашпайт. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү алуучу-су банк же башка каржылык мекеме болсо жана пайыздар башка банка жебашка каржылык мекемеге заем берүүгө байланыштуу төлөнүп жатса, андаалынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпайт. 3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте келипчыккан жана иш жүзүндө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин Өкмөтү, аныничинде анын администрациялык-аймактык бөлүмү, жергиликтүү бийлик орган-дары, Борбордук Банкы же башка каржылоо мекемеси тарабынан алынуучу па-йыздар же Өкмөт тарабынан кепилдикке алынган заемдордон төлөнүүчү па-йыздар биринчи аталган Макулдашкан Мамлекетте салык салуудан бошотулат. 4. "Пайыздар" деген термин ушул статьяда пайдаланганда күрөө мененкамсыз кылынган же камсыз кылынбаган, карызгорлордун пайдасына катышуу-га жана атап айтканда, Өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешелергежана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерге,ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнчасый акыларга жана утуштарга укук берген же укук бербеген ар кандайтүрдөгү карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерди билдирет. "Пайыз-дар" деген термин 10-статьянын жоболорундагы дивиденддер катары алынганбашка кирешелерди камтыбайт. Ушул статьянын максаты үчүн өз убагындатөлөбөгөндүгү үчүн айып акылар пайыздар катары каралбайт. 5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамлекет-тин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан ту-руктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыккан Мамлекетте ишкердик кылууишин жүзөгө ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкантуруктуу базадан пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көзкарандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуумекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1, 2 жана 3-пункттар-дын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша 7 же14-статьянын жоболору колдонулат. 6. Эгерде пайыздарды төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп са-налса, пайыздар макулдашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирокэгерде пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашкан Мамлекеттин резиденти бол-гон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу меке-меси бар болсо, ушуга байланыштуу карыз келип чыкса, ал боюнча пайыздартөлөнүп жатса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай ту-руктуу мекеме тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме жайгашканМамлекетте келип чыкты деп эсептелет. 7. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосун-дагы же анын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчөмамилелерге байланыштуу, негизинде пайыздар төлөнүп жаткан карыздык та-лапка таандык болгон пайыздын суммасы пайызды төлөөчү менен анын ишжүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашы-ла турган суммадан ашык кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эс-кертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ар бир Макул-дашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболо-рун тиешелүү түрдө эске алуу менен төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө салыксалынууга тийиш. 12-статья. Роялти 1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтиге мына ушул экинчи Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Ма-кулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок роялтинин ишжүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болсо, андаушундай жол менен алынган салык роялтинин жалпы суммасынын 5 пайызынанашпоого тийиш. 3. "Роялти" деген термин" ушул статьяда пайдаланганда адабияттын,исскуствонун ар кандай чыгармасына же илимий эмгекке, анын ичинде кино-фильмдерге, фильмдерге же телекөрсөтүү же радиоуктуруу аркылууберүүлөргө автордук укуктарды пайдалануу же пайдалануу укугун берүүүчүн, ар кандай патенттерди соода маркаларын, дизайнды же моделди,планды жашыруун формуланы же процессти пайдалануу же пайдалануу укугунберүү же өнөржайлык же коммерциялык же илимий жабдууларды пайдаланууукугун берүү же өнөр-жайлык же коммерциялык илимий тажырыйбага тиешелүүмаалымат үчүн сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөрдүбилдирет. 4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин ре-зиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуумекеме аркылуу роялти келип чыккан жерде ишкердик кылуу ишин жүзөгөашырса жана роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк чынында эле ушундай ме-кеме менен байланышта болсо, 1 жана 2-пункттун жоболору колдонулбайт.Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат. 5. Эгерде роялти төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо, роялтиМакулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок эгерде роялтитөлөгөн жак өзүнүн Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбо-гондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге ээ бол-со, ага байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса жана ушулроялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, андаушундай роялти туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте келип чыкты депэсептелет. 6. Эгерде роялти төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин же алар-дын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара ма-милелерге байланыштуу негизинде роялти төлөнүп жаткан укукту же маалы-матты пайдаланууга таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчүменен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашыла турган суммаданашып кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эскертилген суммага ка-рата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ар бир Ма-кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жо-болорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш. 13-статья. Мүлктүн наркынын өсүшүнөн түшкөн кирешелер 1. 6-статьяда айтылган жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгаш-кан кыймылсыз мүлктү же активдеринин жарымынан ашыгы компаниянынмүлкүндө турган үлүштөрдү ээликтен ажыратууда Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти тарабынан алынуучу кирешелерге мына ушул экинчи Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттеээ болуп турган туруктуу мекеменин ишкердик кылууга тиешелүү мүлкүнүнбир бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн киреше-лерге, анын ичинде ушундай мекемени ээликтен ажыратуудан (өзүнчө жебүткүл ишкана менен бирге) түшкөн кирешелерге мына ушул экинчи Мамле-кетте салык салынышы мүмкүн. 3. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин эл аралык ташууларда пай-даланылуучу дењиз, аба кемелерин, жол жана жерде жүрүүчү транспортту жеушундай дењиз, аба кемелерин, жол же жерде жүрүүчү транспортту пайдала-нууга байланыштуу дењиз, аба кемелерин, жол же жерде жүрүүчү транспорт-ту ээликтен ажыратуудан алган кирешелерине мына ушул Макулдашкан Мамле-кетте гана салык салынат. 4. 1, 2 жана 3-пункттарда айтылган кандайдыр бир мүлктү ээликтенажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резидентиболуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 14-статья. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жак тарабы-нан кесиптик кызматтарды көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башкаушул сыяктуу иштен алган кирешесине ушул Мамлекетте гана салык салынат.Бирок эгерде: а) жак иш жүргүзүү максатында экинчи Макулдашкан Мамлекетте өзүнөар дайым мүмкүн болгон туруктуу базага ээ болсо; ушул туруктуу базагатаандык болгон кирешенин бир бөлүгүнө гана; же Ь) каралып жаткан фискалдык жылдын башталышындагы же аягындагы аркандай 12 айлык мезгилде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашкан мезгилдинже мезгилдердин ичинде жак экинчи Макулдашкан Мамлекетте болсо; мындайучурда анын мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги иштен алган кире-шесинин бир бөлүгүнө гана экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышымүмкүн. 2. "Кесиптик кызматтар" деген термин атап айтканда көз карандысызилимий, адабий, артистик, билим берүү же педагогикалык ишти, ошондойэле врачтардын, юристердин, инженерлердин, архитекторлордун, стомато-логдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтып турат. 15-статья. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр 1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашы-рылбаса, 15, 17 жана 18-статьялардын жоболорун эске алганда, Макулдаш-кан Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган эмгекакысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекеттегана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашы-рылса, ушуга байланыштуу алынган сый акыга мына ушул экинчи Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, эгерде: а) сый акы алуучу каралып жаткан фискалдык жылдын ичинде башталганже аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилдин ичинде жыйынтыктап алганда 183күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте бол-со; Ь) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоо-чу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө, жана с) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеметарабынан төлөнбөсө, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин экинчи Макул-дашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынгансый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат. 3. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташуу-ларда пайдаланылган дењиз же аба кемесинин, жерде жүрүүчү транспорттуничинде жүзөгө ашырылуучу жалданма жумушка байланыштуу алынган сый акыгадењиз же аба кемесин, жерде жүрүүчү транспортту пайдаланган ишкана ре-зиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 16-статья. Директорлорго сый акы төлөө Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан директорлор кењешининже экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания-нын ага окшош органынын мүчөсү катары алган директорлук сый акысына жа-на ага окшош төлөмдөрүнө мына ушул экинчи Мамлекетте салык алынышымүмкүн. 17-статья. Артисттер жана спортчулар 1. 14 жана 15-статьянын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамле-кеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн ар-тисти же музыкант сыяктуу искусство кызматкери же өзүнүн жеке иши бол-гон спортчу катары экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жекеишинен алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышымүмкүн. 2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул са-патта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматке-ринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14жана 15-статьялардын жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусствокызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан Мам-лекетте салык салынышы мүмкүн. 3. Эгерде мына ушул Макулдашкан Мамлекетте болуу толугу менен женегизинен Макулдашкан Мамлекеттин биринин же экинчисинин же администра-циялык бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттикфонддорунан каржыланса, же Макулдашкан Мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ор-тосундагы маданий макулдашуу колдонулса, 1 жана 2-пункттардын жоболоруМакулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамле-кетте жүзөгө ашырылган иштен кирешеге карата жайылтылбайт. Мындай учур-да артист, спортчу же тренер резиденти болуп эсептелген МакулдашканМамлекетте гана салык салынат. 18-статья. Пенсиялар 1. 19-статьянын 2-пунктунун жоболорун эске алганда, МакулдашканМамлекеттин резидентине мурда жалданып иштегендиги үчүн төлөнгөн пенси-ялар жана башка сый акыларга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат. 19-статья. Мамлекттик кызмат 1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык аймактыкбөлүмү же бийликтин жергиликтүү органы тарабынан жеке жакка ушул Мамле-кетке же анын администрациялык бөлүмүнө же бийликтин жергиликтүү орга-нына кылган кызматы жаатында төлөнгөн пенсиядан башка, эмгек акыга, ма-янага жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ушул Мамлекетте гана салыксалынат. Ь) бирок эгерде кызмат мына ушул экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жанажеке жак ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал; (i) Ушул Мамлекеттин гражданы болсо; же (ii) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул Мамлекеттин рези-денти болбой калса, анда ушундай маянага, эмгек акыга жана башка ушулсыяктуу сый акыларга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 2. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык аймактыкбөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же алар тарабынан түзүлгөн фонддор-дон ушул Мамлекет же анын администрациялык аймактык бөлүмү же жерги-ликтүү бийлик органы үчүн жүзөгө ашырылган кызматы үчүн жеке жаккатөлөнүүчү ар кандай пенсияга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Ь) эгерде жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти жана гражданы болупэсептелсе, мындай пенсияга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык са-лынат. 3. 15, 16, 17, жана 18-статьялардын жоболору Макулдашкан Мамлекет-тин же анын администрациялык аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийликорганынын ишкердик кылуу ишин аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылганкызматына карата маянасына, эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сыйакысына жана пенсияларына карата колдонулат. 20-статья. Студенттер Макулдашкан Мамлекетке келээрдин алдында түздөн түз экинчи Макул-дашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана би-ринчи аталган Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн сту-дент же үйрөнчүк тарабынан алынуучу жана жашоо, окуу жана билим алуумаксаттарына арналган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Мамлекеттин че-гинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталганМамлекетте салык салынбайт. 21-статья. Башка кирешелер 1. Ушул Макулдашуунун түрлөрүнө, ушул Макулдашуунун мурдагы стать-яларында айтылбаган алардын келип чыгуу булактарына карабастан Макул-дашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө мына ушул Мам-лекетте гана салык салынууга тийиш. 2. Эгерде ушундай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуп эсептелип, экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан ту-руктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса жана аларгабайланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуумекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 1-пункттун жоболору6-статьянын 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелер-ден башка кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларгажараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат. 3. 1 жана 2-пункттун жоболоруна карабастан, экинчи МакулдашканМамлекетте келип чыккан кумар оюндарынын жана лотереялардын утуштарытүрүндөгү ар кандай кирешелерге мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн. 22-статья. Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмалары 1. Кыргызстан боюнча алынган учурда кош салык салуу төмөндөгүдөйчеттетилет: а) Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболорунаылайык Латвияда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, Кыргызстанушул резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Латвияда төлөнгөн кирешесалыгына барабар сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда келтирилген жобого ылайык чыгарылып салынган салыктынсуммасы Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча ушундай кирешеге че-герилген салыктан ашпоого тийиш. Ь) Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболорунаылайык Латвияда гана салык салына турган киреше алса, Кыргызстан булкирешени салык салуу базасына киргизиши мүмкүн, бирок ал Кыргызстандасалык салына турган ушундай кирешеге же капиталга салыктын ставкасынбелгилөө максатында гана жасалат. 2. Латвияга карата алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй четтети-лет: а) Эгерде Латвиянын резиденти ушул Макулдашууга ылайык Кыргызстан-да салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, эгерде алда-канча жагымдуурежимге улуттук мыйзамдар тарабынан мүмкүнчүлүк берилсе, Латвия ушулрезиденттин кирешесинен алынуучу салыктын суммасынан Кыргызстандатөлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүкберет. Бирок мындай чыгарып салуулар Латвияда сунуш кылынган чыгарып са-лууларга чейин эсептелген, Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгонкирешелерге таандык кылынган кирешеден алынуучу салыктардын ушулбөлүгүнөн ашпоого тийиш. Ь) а) пунктчасынын максаты, мында Латвиянын резиденти болуп эсеп-телген компания Кыргызстандын резиденти болуп эсептелген компаниядандивиденддерди алып турса жана эњ жок дегенде компаниянын добуш берүүукугунун 10 пайызын контролдосо, Кыргызстанда төлөнүүчү салыктар диви-денддерден төлөнүүчү салыктарды гана эмес, ошондой эле дивиденддердитөлөгөн компаниянын негизги пайдасынан төлөнгөн салыктардын тиешелүүүлүшүн да камтыйт. 23-статья. Басмырлоого жол бербөө 1. Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан Мам-лекетте бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденцияга карата ал-ганда ушул экинчи Мамлекеттин улуттук жактары тартылган же тартылышымүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмелерге кара-ганда башка же алда канча оор салык салууга же ага байланыштуу милдет-тенмеге тартылбайт. 1-статьянын жоболоруна карбастан ушул Жобо бир жеэки Макулдашкан Мамлекеттин резиденттери болуп эсептелбеген жактаргакарата да колдонулат. 2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген граждандыгыжок жактар бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденцияга каратаалганда Макулдашкан Мамлекеттердин биринде дагы ушул Мамлекеттин улут-тук жактары тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же агабайланыштуу милдеттенмелерге караганда, салык салууга, же болбосо агабайланыштуу башка же алда-канча оор милдеттенмелерге тартылышы мүмкүнэмес. 3. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамле-кетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул экинчи Мамлекеттинушундай эле ишти жүзөгө ашырып жаткан ушул экинчи Мамлекеттин ишканасы-на салык салууга караганда алда-канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес. УшулЖобо бир Макулдашкан Мамлекетти экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиден-тине алардын граждандык статусунун же үй-бүлөлүк абалынын негизинде өзүжеке резиденттерине берип жаткан салык салуу боюнча кандайдыр бир жекежењилдиктерди, чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдет-тендирүүчү жобо катары чечмеленбөөгө тийиш. 4. 9-статьянын 1-пункутунун, 11-статьянын 7-пунктунун же 12-стать-янын 6-пункутунун Жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макул-дашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттинрезидентине карата жүзөгө ашырылган пайыздар, роялти жана башка төлөм-дөр ушундай ишканалардын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатындаалар биринчи айтылган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй эле, ушундайэле чыгарып салууларга дуушар болууга тийиш. 5. Капиталы толугу менен же жарым жартылай экинчи Макулдашкан Мам-лекеттин резиденттерине таандык болгон же тикелей же кыйыр түрдө конт-ролдонгон Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы биринчи аталган Мамлекеттебиринчи аталган Макулдашкан Мамлекеттин башка ушул сыяктуу ишканасытартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуумилдеттенмеге караганда кандайдыр бир салык салууга же ага байланыштуубашка же алда канча оор милдеттенмелерге тартылбоого тийиш. 6. 2-статьянын жоболоруна карабастан ушул статьянын жоболору аркандай тектеги жана түрдөгү салыктарга карата колдонулат. 24-статья. Өз ара макулдашуунунун жол-жобосу 1. Эгерде жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин аракеттери ушулМакулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди жеалып келет деп эсептесе, бул жак ушул мамлекеттердин улуттук мыйзамда-рында каралган коргонуу каражаттарына карабастан, эгерде ага байланыш-туу учур 23-статьянын 1-пунктунун аракетине, башкача айтканда өзү граж-даны болуп эсептелген ушул Макулдашкан Мамлекетке туура келсе, өзү ре-зиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органынаишти кароого бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кел-беген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо бе-рилген учурдан тартып 3 жылдын ичинде берилүүгө тийиш. 2. Эгерде компетентүү орган дооматты негиздүү деп эсептесе жанаэгерде өз алдынча канааттандырарлык чечимге келе албаса, ушул Макулда-шуунун жоболорунун көз карашынан алганда укукка жат салык салуудан ка-чуу максатында экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компетентүү органы мененаны өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Ар кандай жетишилген ма-кулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган кан-дайдыр-бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш. 3. Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органдары ушул Макулда-шуунун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчы-лыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат.Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салу-унун четтетүү максатында бири-бири менен консультация өткөрүшү мүмкүн. 4. Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органдары өздөрүнүнөкүлдөрүнөн же алардын өзүнөн турган биргелешкен комиссиялар аркылуумурдагы пункттар боюнча макулдашууга жетишүү жана аларды түшүнүү макса-тында бири-бири менен тикелей байланышка чыга алат. 25-статья. Маалымат алмашуу 1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул мыйзам-дар боюнча салык салуу Макулдашууга карама-каршы келбеген даражада ушулмакулдашуунун жоболору колдонулган ушул Макулдашуунун же МакулдашканМамлекеттердин, же анын администрациялык аймактык же жергиликтүү бийликоргандарынын улуттук мыйзамдарынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгонар кандай түрдөгү жана тектеги салыктарга тиешелүү болгон маалыматтардыалмашып турушат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-статьянын жоболору мененчектелбейт. Макулдашкан Мамлекет тарабынан алынган ар кандай маалымат,ошондой эле ушул мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагында алынганбашка маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат болуп саналат жана биринчисүйлөмдө көрсөтүлгөн салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүп алуу же сот-тук куугунтукка алуу же аларга карата апелляцияларды кароо боюнча ишжүргүзгөн жактарга же органдарга (анын ичинде сотторго же администраци-ялык органдарга) гана маалымдалат. Ушундай жактар же органдар бул маа-лыматты ушул максаттар үчүн гана пайдаланат. Алар ушул маалыматты сот-тун ачык жыйынынын жүрүшүндө же соттук чечимдерди кабыл алууда ачыккачыгара алышат. 2. Эч качан 1-пункттун жоболору Макулдашкан Мамлекеттин компе-тентүү органына төмөндөгүлөргө: а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана адми-нистрациялык практикасына карама каршы келген администрациялык чаралар-ды көрүүгө; Ь) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же адат-тагы администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга болбой турган маалы-матты берүүгө; с) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр-жайлык, коммерциялык жекесиптик сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгара турган маалы-матты берүүгө, же болбосо ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка ("ордрпублик") карама-каршы келген маалыматты берүүгө милдеттендирүү катарычечмеленбөөгө тийиш. 26-статья. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу дипломатиялык миссиялардын жанаконсулдук мекемелердин мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы нормалары жеатайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарынатиешелүү болбойт. 27-статья. Күчүнө кириши 1. Макулдашкан Мамлекеттер дипломатиялык каналдар аркылуу алардынмыйзамдарында ушул Макулдашууга мыйзамдын күчүн берүүнү талап кылганжол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө кабарлайт. 2. Ушул Макулдашуу ушул статьянын 1-пунктунда айтылган акыркы ка-барлоо берилген датадан тартып күчүнө кирет жана анын жоболору: а) киреше булагынан кармалуучу салыктарга карата - ушул Макулдашуукүчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында жебиринчи январынан кийин алынган кирешелерге карата; Ь) кирешеден алынуучу башка салыктарга карата - ушул Макулдашуукүчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында жебиринчи январынан кийин баштала турган ар кандай салыктык жылга каратаколдонулат. 28-статья. Колдонулушун токтотуу Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин бири анын колдонулушунтоктотконго чейин күчүндө болот. Макулдашкан Мамлекеттердин ар бириушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып беш жыл аяктагандан кийинбашталган ар кандай календарлык жыл аяктаганга чейин кеминде алты айкалгандан кечиктирбестен Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө дипломатия-лык каналдар аркылуу кабарлоо жиберүү менен Макулдашуунун колдонулушунтоктото алат. Мындай учурда Макулдашуу: а) киреше булагынан кармалуучу салыктарга карата - кабарлоо берил-ген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи ян-варынан кийин алынган кирешелерге карата; Ь) кирешеден алынуучу башка салыктарга карата - кабарлоо берилгенжылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи январы-нан кийин баштала турган ар кандай салыктык жылга карата колдонулат. Ушуну ырастоо менен буга тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилгентөмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту. _____________ "__" __________2 нускада кыргыз, орус, латыш жанаанглис тилдеринде жазылды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.Чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текстколдонулат. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн