Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007 жылдын 13-октябрындагы №464 Токтому менен бекитилген Анкара шаары2006-жылдын 5-сентябры Бишкек шаарында 1992-жылдын 23-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту коргоо жөнүндө макулдашууга Адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө КОШУМЧА ПРОТОКОЛ Бишкек шаарында 1992-жылдын 23-июлунда кол коюлган, Кыргыз Респуб-ликасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иш-тер министрлигинин ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коом-дук коопсуздукту коргоо жөнүндө макулдашуунун жоболорун эске алуу ме-нен, мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иш-тер министрлиги жана Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги, адамдарды сатуу улуттар аралык уюшулган кылмыштуулуктун бир түрүболуп эсептелүү менен бирге, дүйнө жүзүндө жана биздин аймакта дагы күнсайын тамырын кењири жайып, уюшулган кылмыш түйүндөрүњө эбегейсиз пайдаалып келүүдө, ошондой эле бул бањги заттары жана куралдарды сатуу мененжана да мигранттарды контрабандалоо менен байланыштуу, адамдарды сатуу өз учурунда жана натыйжалуу эл аралык кызматташтыкаркылуу чечилерин түшүнүү, адамдарды сатуунун жабырлануучуларына соттук, гуманитардык психо-логиялык жана медициналык жардам көрсөтүүнүн, алардын өз өлкөлөрүнөкайтып келүүлөрүнө жењилдиктерди түзүүнүн, кылмышкерлерди камакка алуу-нун зарыл чараларын кабыл алуунун, коомдук ањ-сезимди калыптандыруунунмаанилүүлүгүн белгилөө; кылмыштуулук түйүндөрүн ачуу менен адамдарды сатуунун фактыларыналдын алууда күч аракеттердин маанилүүлүгүн таануу, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы адам-дарды сатууга каршы күрөштү координациялоо жана кызматташтыкты чыњдоо-нун зарылчылыгын көрсөтүү менен. Алардын улуттук мыйзамдарына жана жол-жоболоруна ылайык, төмөнкүиш-чараларды күчөтүү максатында макулдашылды: 1. Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдөн, ошондой эле администрация-лык жана соттук чаралардан алынган тажрыйбалар жөнүндөгү маалыматтардыалмашуу. 2. Тараптардын адамдарды сатуудан жапа чеккендерге физикалык, пси-хологиялык жана социалдык жактан реабилитацияланууга жардам көрсөтүү. 3. Адамдарды сатууга тиешелүү болгон кылмыштуулукка көрсөтмө бер-ген, алардын коргонуусун камсыз кылган жана адамдарды сатууга ылайык-ташкан улуттук мыйзамга ылайык жардамды кепилдөө. 4. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана илимий изилдөөлөрдү кошоалганда, тиешелүү институттардын чегинде адамдарды сатуу маселеси боюн-ча коомчулуктун ањ-сезимин көтөрүү жана стимулдаштыруу. 5. Адамдарды сатуудан жапа чеккендер жөнүндө маалыматы чогултуучу,координациялоо жана жайылтуу Тараптардын компетенттүү мамлекеттик ор-гандарына таандык маалыматтар менен алмашуу. 6. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча күч органдарынын кызмат-керлерин окутуу, окутуучу программаларды биргелешип уюштуруу, өзөлкөлөрүнүн эксперттерин алмашуу ,жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнжайылтуу. 7. Илимий жана академиялык институттар ортосундагы кызматташтыктыколдоо, эксперттерди алмашуу, өз ара пайдалуу тажрыйба жана билим алуу. 8. Өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тарап мамлекетте-ринин эл аралык милдеттенмелерине ылайык кылмыштык жосундарын жанаадамдарды сатууга катышкан адамдарды аныктоо үчүн Тараптардын зарылшарттарын түзүү. 9. Бул Протоколдун негизги жоболору боюнча илимий изилдөөлөрдүнжыйынтыгын жайылтууга кошумча статистикалык маалыматтар, мыйзам акты-лар, буклеттер жана макалалар менен алмашуу. 10. Жалпы кызыкчылыкты көрсөтүүчү кечиктирилгиз маселелерди кароо-го зарыл болгондо эксперттик дењгээлде жолугушууну уюштуруу. Тараптар бул Протоколдун чегинде кызматташуу максатында компе-тенттүү органдар төмөнкүлөр деп аныкталды: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен: Кылмыш издөө башкы башкармалыгы Телефон: +996-312-62-51-04, Факс: +996-312-62-22-27 Паспорттук жана визалык контроль департаменти Телефон: +996-312- 66-23-29, Факс: +996-312-66-23-29 Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинен: Чет элдик, чегара, баш калкалоо иштери боюнча департаменти Телефон: +90-312-412-32-10, +90-312-412-33-05, Факс: +90-312-466-90-11 Электрондук почта: illegaiming@egm.tr, yihdb@egm.gov.tr 11. Адамдарды эл аралык сатууда кызматташтыкты, координациялоонужана жардамды камсыз кылууну Тараптар тарабынан төмөнкүлөр боюнча кол-доого алынышы керек: Тараптардын биргелешкен макулдашуусу боюнча, бул Протоколгоөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар Протоколдокөрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. Бул Протокол Тараптардын баардык зарыл болгон мамлекет ичиндегижол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча бил-дирүүнүн акыркы күнүндө күчүнө кирет. Протокол күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл аралыгында колдонулатжана Тараптын бири бул Протоколдун колдонулушун токтотууга ниети барэкендиги жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча үч ай ичинде экинчи Та-рапка билдирбесе, бул Протоколдун колдонулушу келерки жылга узартылат. Жогоруда айтылгандарды күбөлөндүрүп төмөндө кол койгондор өз мам-лекеттеринин Өкмөттөрүнөн тиешелүү түрдө ыйгарым укук алган адамдар булПротоколго кол коюшту. Анкара шаарында, 2006-жылдын 5-сентябрында эки нускада ар бирикыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, мында баардык текс-ттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун талкуулоо максатында англис тексти ар-тыкчылыкка ээ. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги Ички иштер министрлиги үчүн үчүн Кыргыз Республикасынын Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Тышкы иштер министри жана вице-премьер министри Аликбек Джекшенкулов Абдуллах Гюль