Бишкек шаары2007-жылдын 6-июну Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Кыргыз тарап" жана "Түркиялык тарап", чогуу алганда"Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Рес-публикасынын Өкмөтү, 1993-жылдын 27-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыЭлчиликтерге имарат берүү жана жабдуу боюнча финансылык өз ара эсепте-шүүлөр жөнүндө протоколду (мындан ары "1993-жылкы Протокол" деп аталат)эске алып, Бишкек жана Анкара шаарларындагы элчиликтердин жайгашкан жерлеринебайланышкан административдик жана финансылык маселелерди толугу мененчечүү боюнча өз ара ниеттерин ырастап, эки өлкөнүн ортосундагы салтка айланган достук карым-катнаштардымындан ары дагы өнүктүрүүнү каалап, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иш шарттарын жакшыртуумаксатында, жана өз ара мамиле, тењ укуктуулук жана тењ милдеттенүү принциптеринетаянып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. а) Түркиялык тарап Кыргыз тарапка төмөнкүлөрдү акысыз өткөрүп бе-рет: - Анкара шаарынын Оран дипломатиялык шаарчасында жайгашкан, аянты4386 чарчы метрге барабар N 25013/1 жана аянты 4443 чарчы метрге бара-бар N 25013/2 жер участокторуна пайдалануу укуктарын 49 жылдык мөөнөт-кө; - Стамбул шаарындагы Бейоглу районунда жайгашкан, азыркы учурдаКыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу орун алган,жалпы аянты 198,50 чарчы метрге барабар болгон имаратты 29 жылдык мөө-нөткө убактылуу пайдаланууга. b) Кыргыз тарап Түркиялык тарапка төмөнкү жерлерде орун алган жеручастокторуна 49 жылдык мөөнөткө пайдалануу укугун өткөрүп берет: - аянты 17280 чарчы метр жана 12750 чарчы метр болгон Бишкек шаа-рынын дипломатиялык районундагы; - Бишкек шаары, Московская көчөсү, 89 дареги боюнча жайгашкан,аянты 10200 чарчы метрге барабар жерди жана бул участокто орун алганимаратка менчик укугун. Түркиялык тарап жогоруда аталган кыймылсыз объекттерге бардыкукуктарды 2700000 АКШ долларына барабар суммага сатып алат. Түркиялыктарап бул сумманы ушул Макулдашуунун 1-статьясынын (а) пунктунда белги-ленген жер участогунда Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчили-гинин жањы имаратын куруу үчүн бөлүп берет. Келечекте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участок-торун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагы катары пайдалануу үчүн алар-га болгон менчик укуктарын чет мамлекеттерге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүпайда болсо, Кыргыз тарап ушул Макулдашуунун 1-статьясынын "b" пунктун-да белгиленген жер участокторуна менчик укуктарын Түркиялык тарапка өт-көрүп берүүнү кабыл алат жана милдеттенет. Түркиялык тарап бул учурдаөз ара негизде ушул Макулдашуунун 1-статьясынын "а" пунктунда белгилен-ген жер участокторуна менчик укуктарын Кыргыз тарапка өткөрүп берүүнүкабыл алат жана милдеттенет. Жогоруда аталган сумманы бөлүп берүү Бишкек шаары, Московская кө-чөсү, 89 дареги боюнча жайгашкан, бүгүнкү күнү Түркия РеспубликасынынЭлчилигинин аймагын ээлеген убактылуу курулмалар толугу менен алыныпташталгандан кийин жүргүзүлөт. Түркиялык тарап Бишкек шаары, Московская көчөсү, 89 дареги боюнчажайгашкан имаратты өзү зарыл деп санаган каалаган убакта модификациялапже бузуп таштап, Түркия Республикасынын Элчилиги катары пайдалануу үчүнжањы имаратты куруу укугун өз аркасында сактайт. с) Түркиялык тарап Анкара шаарындагы жогоруда белгиленген жеручастокторун пайдалануу укуктарын, ошондой эле ушул участоктордо жай-гашкан жана кийин курула турган имараттарга менчик укугун Кыргыз Рес-публикасы үчүн каттайт. Кыргыз тарап Бишкек шаарындагы жогоруда аталган жер участокторунпайдалануу укуктарын, ошондой эле бул участоктордо жайгашкан жана кийинкурула турган имараттарга менчик укугун Түркия Республикасы үчүн кат-тайт. Участокторду пайдалануу укуктарын жана менчик укуктарын тариз-дөөгө кеткен чыгымдарды аларды берген Тарап тартат. 2-статья. Тараптардын жогоруда эскертилген жер участокторун пайдалануу укук-тарын жана алардын үстүндө жайгашкан курулуштарга менчик укуктарынырастоочу кыймылсыз мүлктү ээлөөгө күбөлүктөр жогоруда аталган Орандипломатиялык шаарчасындагы жер участогунда курула турган Кыргыз Рес-публикасынын Элчилигинин кызматтык имаратын ээлөө үчүн уруксат берил-генден кийин бир убакта алмашылууга тийиш. Бул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык кыймылсыз мүлктү ээлөөгө кү-бөлүктөр алмашылгандан кийин 1993-жылкы Протоколдун 1-статьясына ылайыкКыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин азыркы имаратыүчүн ижара акысын төлөөгө көмөктөшүү боюнча Түркиялык тараптын милдет-тенмеси өз күчүн жоготот. Кыймылсыз мүлктү ээлөөгө күбөлүктөрдү алмашуу жүргүзүлгөндөн кийинбир айдын ичинде Кыргыз тарап Анкаранын Билкент районундагы Элчинин ре-зиденциясынын имаратын жана Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагыЭлчилиги үчүн бөлүнүп берилген Йылдыз жана Хилал райондорундагы экиимаратты бошотуп берүүгө милдеттенет. Тараптар бул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жогорудааталган жер участокторунун жана алардын үстүндө жайгашкан курулуштардынкөлөмүнө, наркына, жайгашкан жерине жана пайдалануу шарттарына байла-ныштуу бири-бирине кандайдыр-бир дооматтарды койбоого тийиш. 3-статья. Тараптар жогоруда аталган жер участокторуна карата карыздар, мен-чикке болгон дооматтар, ипотека же башка кандайдыр-бир чектөөлөр жокэкендигин жана алар менчик укуктарына жана кайтарууга доомат коюунунпредмети эмес экендигин билдиришет. Эгерде келечекте ээлөө укугуна доо-маттар пайда боло турган болсо, бөлүп берген Тарап буга окшогон ээлөөукугуна дооматтарды өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чечет. 4-статья. Тараптар алмашылган жер участокторун жана алардын үстүндө жайгаш-кан же келечекте курула турган курулуштарды жалањ гана имараттарды ку-руу жана имаратты дипломатиялык миссия катары иштетүү үчүн пайдаланы-шат. Ар бир Тарап жогоруда белгиленген кыймылсыз объекттерди үчүнчү та-раптарга, юридикалык жактарга же жеке адамдарга акы алуу менен же бекерөткөрүп берүүдөн, сатуудан, ижарага берүүдөн, ээликке берүүдөн, менчикукуктарын өткөрүп же белекке берүүдөн, узуфрукт, сервитут укуктарын бе-рүүдөн, жашоо жана бөлүштүрүп биргелешип ээлөө максатында берүүдөн мур-да экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксатына ээ болушу керек. 5-статья. Жылытуу жана желдентүү, электр энергиясын, сууну жана жаратылышгазын пайдалануу үчүн акы төлөөлөр сыяктуу элчиликтердин күнүмдүк чы-гымдарын, ошондой эле байланыш үчүн чыгымдарды Тараптар өз алдынча тар-тышат. 6-статья. Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылкы Вена конвенциясынын ти-ешелүү жоболорунун күчүнө ылайык жогоруда белгиленген жер участокторужана курулуштар спецификалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган жыйымдарменен төлөмдөрдөн башка бардык улуттук жана муниципалдык жыйымдарданжана салыктардан, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат. 7-статья. Бул Макулдашуунун алкагындагы Тараптардын ортосундагы мамилелеручурда колдонулган эл аралык келишимдерге жана Тараптардын мамлекетте-ринин улуттук мыйзамдарына ылайык жөнгө салынышы керек. Бул Макулдашуунун жоболорун аткарууга же чечмелөөгө байланышканТараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар өз ара консультациялардыжана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет. 8-статья. Бул Макулдашууга карата болгон бардык толуктоолор бул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган атайын протоколдорду түзүү жолу ме-нен Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ишке ашырылат. 9-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндө-гү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып өз кү-чүнө кирет. Бул Макулдашуу 49 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардынбири дагы тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кеч эмес анынколдонулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирүүнү экинчи Тарапка жөнөтпө-сө, ал кийинки ушул сыяктуу мөөнөткө өзүнөн-өзү узартылат. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 1993-жылкы Протокол жараксыздеп табылат. Бишкек шаарында 2007-жылдын 6-июнунда эки нускада, ар бири кыргыз,түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстнегиз катары алынат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Эднан Карабаев Серпиль Альпман Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси