1998-жылдын 24-сентябры "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасын координациялоо боюнча Топто байланыш офицерин күтүү боюнча финансылык колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Түрк Республикасынын Өкмөтү, "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасын ишке ашыруу боюнча КыргызРеспубликасына жардам берүү, эл аралык жана региондук уюмдарда ишти ак-тивдештирүү максатында, Аскер билимин берүү боюнча кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн жана Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы1993-жылдын 3-мартындагы Келишимдин маанилүүлүгүн эске алып, аскер кызматташтыгынын негиздерин бекемдөө үчүн, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Максат Бул Протокол Кыргыз Республикасынан байланыш офицерин иштөө үчүнзарыл болгон накталай акча каражаттары менен колдоонун негиздерин анык-тайт, ал өз ишин Монс шаарында (Бельгия) жайгашкан "Тынчтык үчүн өнөк-төштүк" программасын координациялоо боюнча Топто жүзөгө ашырат. 2-статья. Колдонулуучу чөйрө Бул Протокол Тараптарга жана Кыргыз Республикасы аныктай турганбайланыш офицерине, Чет өлкөлүк финансылоо боюнча бөлүмгө, коргоонупландаштыруу жана ресурстарды башкаруу бөлүмүнө, Туркиянын КуралдууКүчтөрүнүн Башкы Штабындагы Башкы пландаштыруу жана принцип начальниги-не, НАТОнун Европадагы Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн (ШЕЙП) Жогорку Баш-кы кол башчысынын Штабындагы Түрк Республикасынын Улуттук Аскер өкүлүнөтийиштүү. 3-статья. Аныктамалар Бул Протокол үчүн төмөндө келтирилген терминдер буларды билдирет: - "Байланыш офицери" - "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынкоординациялоо боюнча Топтогу байланыш офицери, ал Кыргыз Республикасытарабынан дайындалат, ага ушул Протоколдун жоболоруна ылайык Түрк Рес-публикасы Тараптан финансылык колдоо көрсөтүлөт. - "Миссиянын мөөнөтү" - 365 күнгө барабар болгон мөөнөт, ал уба-кыттын ичинде байланыш офицери миссияда кызмат кылат. - "Финансылык колдоо" - суммасы 40000 АКШ доллары, ал алгачкы жанаучурдагы чыгымдарга колдонулат. - "Алгачкы чыгымдар" - жалпы суммасы 16000 АКШ доллары, аны мисси-янын мөөнөтүнүн башталышында Түрк Республикасы төлөйт. - "Учурдагы чыгымдар" - суммасы 2000 АКШ доллары, аны миссиянынмөөнөтүнүн ичинде ай сайын Түрк Республикасы төмөнкүдөй чыгымдар үчүнтөлөйт: а) офисти жана квартираны арендалоо; б) техникалык жактан тейлөө жана ондоо; в) телефон байланышы жана факс боюнча байланыш; г) канцеляриялык буюмдарды сатып алуу. 4-статья. Финансылык колдоону төлөө тартиби Түрк Республикасы бул Протоколдо аныкталган шарттарга ылайык фи-нансылык колдоону камсыз кылат. Кыргыз Республикасы бул Протоколдо аныкталган шарттарга ылайык фи-нансылык колдоону алат. Кыргыз Республикасы байланыш офицеринин атын, фамилиясын, аскернаамын, "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасын координациялоо боюнчаТоптогу анын офисинин адресин жана байланыш офицери келген датаны мис-сия башталганга чейин үч жумадан кечиктирбестен Түрк Республикасынабилдирет, ошондой эле пайдалануу үчүн пландаштырылган офистин жанаквартиранын арендасы жагынан маалыматты жиберет. Түрк Республикасы офис жана байланыш офицеринин миссиясынын баш-талгандыгы жагынан маалыматты алгандан кийин алгачкы чыгымдарга 16000АКШ доллары өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасынын байланыш офицерисунуш кылган банктагы эсеп аркылуу накталай акча түрүндө төлөнөт. Түрк Республикасы байланыш офицери дайындалгандыгы жөнүндө маалы-матты алгандан кийин учурдагы чыгымдарга 2000 АКШ доллары өлчөмүндөгүсумма миссия башталгандан бир айдан кийин накталай акча түрүндө төлө-нөт. Кийинки айларда байланыш офицерине учурдагы чыгымдарга финансы ка-ражаттары ошол эле тартипте төлөнөт. Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын байланыш офи-церин финансылык жактан колдоого арналган каражаттар Түрк Республикасы-нын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабы тарабынан Монс шаарындагы ТуркиянынУлуттук Аскер өкүлүнүн эсебине которулгандан кийин жүргүзүлөт. Түрк Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабынын атынанТүркиянын Улуттук Аскер өкүлү Кыргыз Республикасынын байланыш офицеринеалгачкы чыгымдарды жана учурдагы чыгымдарды төлөйт. Байланыш офицери отчеттук чыгым документтерин Түркиянын УлуттукАскер өкүлүнө ай сайын декларациялап турат. 5-статья. Ар түрдүү Эгерде Кыргыз Республикасынын байланыш офицеринин миссиясы кандай-дыр - бир себептерден улам токтотулса, көрсөтүлгөн чыгымдарга Түрк Рес-публикасы Тараптан төлөмдөр токтотулат. Башка байланыш офицери дайын-далган учурда төлөмдөр бир жылга бөлүнгөндөн калган суммадан мурдагымилдеттенмелер боюнча төлөнөт. Кыргыз Республикасы бул Протоколдо анык-талгандан башка түрдөгү төлөмдөрдү талап кыла албайт. Байланыш офицерине эмгек акыны Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлиги аныктайт жана атайын каражаттардын эсебинен миссиянын мөөнө-түнүн ичинде ай сайын төлөп турат. 6-статья. Сунуштар жана кайра карап чыгуу Ар бир Тарап бул Протоколго түзөтүүлөр же аны кайра карап чыгуубоюнча сунуштарды каалаган учурда жана жазуу жүзүндө бере алат. Мындайучурда Тараптар жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин 30 күндөн ке-чиктирбестен консультацияны баштоого тийиш. Эгерде консультация ал аяк-тагандан кийин 45 күндүн ичинде эч кандай натыйжа алып келбесе, андаТараптардын бири бул Протоколдун күчүн токтотуу жөнүндө кийинки 30 күн-дүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүү менен аны токтото алат. 7-статья. Колдонуу мөөнөтү Бул Протокол анда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин өз колдону-лушун өзүнөн - өзү токтотот. Тараптар анын колдонулушун узартуу максатында бул үчүн зарыл бол-гон бардык зарыл күч - аракеттер көрүлө тургандыгына макул болушту. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарап ушул Протоколдун шарттарынаткарбай жатат деп эсептесе, ал консультация өткөрүү боюнча сунушту жа-зуу жүзүндө берүүгө укуктуу. Бул консультациялар жазуу жүзүндөгү билди-рүү жиберилгенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен башталууга тийиш.Эгерде кийинки 45 күндүн ичинде эч кандай натыйжага жетишилбесе, андабул Протоколдун колдонулушу билдирүү алынгандан кийин 30 күндүн ичиндетоктотулушу мүмкүн. 8-статья. Күчүнө кириши жана ишке ашыруу Бул Протокол ал күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттикжол - жоболор аткарылгандыгы жөнүндө акыркы билдирүүнү Тараптар алганкүндөн тартып күчүнө кирет. Бул Протоколдун жоболорун төмөнкүлөр ишке ашырат: - Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз РеспубликасынынКоргоо Министрлиги. 9-статья. Текст жана колтамга Бул протокол эки нускада, ар бири , кыргыз, англис жана орус тил-деринде түзүлгөн, мында бардык нускалар бирдей күчкө ээ. Тексттерде ача пикир келип чыккан учурда англис тилиндеги текстартыкчылыктуу болуп саналат. Бул Протоколго жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык 1998-жылдын24-сентябрында кол коюлду. Кыргыз Республикасынын Түрк Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Эсен Топоев Вейсел Көселе Генерал-майор Биринчи ранг капитаны Кыргыз Республикасынын Түркия Куралдуу Күчтөрүнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Баш Генералдык Штабынын Тыш Башчысы - Коргоо Министринин Финансылоо Башкармалыгынын Биринчи Орун басары Башчысы