БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 43
Бекмолдо айыл өкмөтөнөн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кулубаеванын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кулубаеванын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл айманыдагы ар кандай жумуштарга спец.техникалар менен жасалуучу жумуштарды жасоого күйүүчү май алуу үчүн 700 000 (жети жүз миң ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кулубаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Осмонов |