Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 6-июлу №179/25-8

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №163/22-8 жана №164/22-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамы жана Талас шаардык мэриясынын 5.07.2023-жылдагы № 01-19/1768, 06.07.2023-жылдагы № 01-19/1776 сандуу каттарынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча кабыл алынган №163/22-8 жана №164/22-8 сандуу токтомдоруна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 - Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына Талас шаарынын ички көчөлөрүнө таза суу киргизүү үчүн эркин каражаттан бөлүнгөн -20 300 000 сом акча каражатын, Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнө дренаж курууга сметада каралган -8 385 107 сом акча каражатын, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына Талас шаарына балдар аянтчаларын куруу үчүн эркин каражаттан бөлүнгөн суммадан -1756 184 сом акча каражатын, Ч.Айтматовдун айкелинин айланасында брусчатка төшөөгө сметада каралган -5 068 661 сом акча каражатын, “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасына күнөскана жана кароолкана (гараж) курууга сметада каралган акча каражатынан -7 000 000 сомун, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 3111 чыгымдар беренесиндеги жаштар борборун куруу үчүн сметада каралган -3 393 816 сом акча каражатын, жалпы 45 903 768 сом акча каражаты төмөндөгүдөй кайрадан бөлүштүрүлсүн.

 

 - Талас шаарынын О. Шамбетов көчөсүндө жайгашкан парктын курулуш иштерине эркин каражаттан-15 603 768 сом, Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун капиталдык ондоп түзөө иштерине сметада каралган каражаттарды жылдыруулардын эсебинен-15 000 000 сом, Талас шаарынын ички көчөлөрүнө канализация, таза суу системаларын курууга жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо үчүн өздүк салым катары каржылоого жалпы 12 703 000 сом акча каражаты анын ичинен 3 855 416 сом эркин каражаттын эсебинен, 8 847 584 сом сметада каралган каражаттарды жылдыруулардын эсебинен бөлүнүп, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.

 

 - Талас облусун өнүктүрүү фондусу аркылуу “Таза Суу” муниципалдык ишканасына эксковатор сатып алууга бөлүнгөн 4 900 000 сомго өздүк салым катары эркин каражаттын эсебинен -2 597 000 сом Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.

 

 - Талас шаарынын мэриясынын сметасында 3112 чыгымдар беренесинде каралган 1347 000 сом акча каражаты 2221 чыгымдар беренесине Талас шаарынын мэриясынын имаратын жана иш бөлмөлөрүн ондоп түзөө жумуштары үчүн которулуп берилсин.

 

 - Талас шаардык кенешинин кезектеги XXII сессиясынын №164/22-8 сандуу токтомунун 1-пунктунун 13-пунктчасында - Талас шаарында 2021-жылга карата деп көрсөтүлгөн жыл, 2022-жылга карата деп өзгөртүлүп, мал санактарды жүргүзүү кызматынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн 100,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.

 

2. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, каржылоо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

 

Тѳрага

К.Джаныбеков