Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2022-жылдын 19-октябры № 44
Мыйзамсыз деп ээлеп отурган жана укуктук күбөлүктөрүнүн күмөн жараткан жарандардын иш кагаздары менен таанышып чыгуу жана тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жер тилкелерин тактоо боюнча А.Сатаровдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы №223, 225-контурдагы Алымбаев Улан Абдиевичтин, №227, 228, 230, 231 –контурдагы Шамурзаев Абдразактын, №518-контурдагы Жуманазаров Сейитбек Асылбековичтин, №422-контурдагы Курумбеков Жусубалинин, Мазар-Булак айылындагы №302, 304, 305, 310, 286, 284-контурдагы Чекиев Түгөйдүн, Жалгыз-Жаңгак айылындагы №193, 195-контурлардагы Жумабаев Бектемир Маткеримович, Жумабаев Замирбек Маткеримовичтердин жер тилкелери такталсын.
2. Такталган жер тилкелеринин укуктук күбөлүктөрүнүн мыйзамдуулугун кароо үчүн тиешелүү сот жана укук коргоо органдарына юрадистин коштоосунда териштирүүгө берилсин.
3. Мыйзамсыз деп ээлеп отурган жана укуктук күбөлүктөрүнүн күмөн жараткан иш кагаздары менен таанышып чыгуу жана тактоо жагы жер комиссиясы менен биргеликте айыл-чарба комитетинин төрагасы Д.Мааматовко тапшырылсын.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.А. Энназаров |