Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2022-жылдын 19-октябры № 45
Жер тилкелерин тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык жер тилкелерин тактоо боюнча А.Сатаровдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы К.Чолпонкулов көчөсүндо арабтар тарабынан салынган үйлөрдүн айланасындагы жер тилкелерин такталсын.
2. 2014-жылдагы трансформацияга кеткен жерлер такталсын.
3. Жерге-Тал айылындагы №72-контурдагы жер тилкелери кимдерге берилгендиги такталсын.
4. Иш кагаздары менен таанышып чыгуу жана тактоо жагы жер комиссиясы менен биргеликте айыл-чарба комитетинин төрагасы Д.Мааматовко тапшырылсын.
5. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.А. Энназаров |