Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2022-жылдын 19-октябры № 46
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгышаларына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинини 4-пунктуна ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жана пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 9-ай ичинде пландан ашыкча түшкөн 11111100-киреше салыгынан 1257,0 мин сомго акча каражаты 2022-жылга бекитилген план көбөйтүлсүн.
2. Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн планы төмөндөгүдөй көбөйтүлсүн;
- ЖКХ-бөлүмүнүн 2214-беренесине эки техникага Х-3 каналын куруу иштер учун солярка алууга 100,0 миң сом;
- Эксковатор, камаз унааларын оңдоого ЖКХ-бөлүмүнүн 2214-беренесине 100,0 миң сом;
- ЖКХ-бөлүмүнүн 3111-беренесине Х-3 каналын курууга курулуш материалдарын алууга үчүн 280,0 миң сом;
-ЖКХ-бөлүмүнүн 2221-беренесине Жерге-Тал, Жалгыз-Жаңгак айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн 221,0 миң сом;
-70911-бөлүмүнүн 3111-беренесине Бал-бала-1 балдар бакчасына ашкана курууга 200,0 миң сом;
70911-бөлүмүнүн 2224-беренесине Ак-Тилек-2 балдар бакчасына отун алууга 20,0 миң сом;
-70911-бөлүмүнүн 3111-беренесине Калык-Ата-2 балдар бакчасына бесетка куруу үчүн 90,0 миң сом;
-ЖКХ-бөлүмүнүн 3111-беренесине ГСВ-24 Оору канасына жылуу суу киргизүү үчүн 60,0 миң сом;
-70911-бөлүмүнүн 2218-беренесине балдар бакчасына тамак аш алууга 34,0 миң сом
- Стим грант мыйзамын окуутуга 70111-бөлүмүнүн 2215-беренесине 2,0 миң сом;
- Көк-Арт айыл өкмөт башчысынын кызматтык унаасына КР МКнин 30-апрель 2022-жылдагы айына 300 литр бөлүү боюнча №240 токтомуна ылайык, айрымасы 8 айга 60 литрден 480 литрге 66 сомдон 31,7 миң сом жана авто унааны оңдоого 18,3 миң сом, жапы 50,0 миң сом
- 70111-бөлүмүнүн 2215-беренесине Көк-Арт айыл өкмөтүнүн келерки жылдагы чоң-чоң долборлорго 100,0 миң сом, жалпы 1257,0 миң сом толукталсын.
3. Көк-Арт айыл кеңешинин 14-май 2022-жылдагы № 23 токтомунун 1-тиркемесине ылайык НСШ-бөлүмүнүн 3111-беренесиндеги жаңы мектеп курууга бөлүнгөн 222,9 миң сом, акча каражатынын багытын өзгөртүү менен төмөндөгүлөргө жумшалсын;
-70921-бөлүмүнүн 3111-беренесине СШ №10 Гимназия мектебинин айнектерин пластик терезелерге алмаштыруу 100,0 миң сом.
- 70921-бөлүмүнүн 3112-беренесине СШ №10 Гимназия мектебине парталарды алууга 20,0 миң сом
- 70921-бөлүмүнүн 3111-беренесине СШ №10 Гимназия мектебинин класстарын ондоого 102,9 миң сом; жалпы 222,9 миң сом беренелерге толукталып жумсалсын.
-70111- бөлүмүнүн 2221-беренесинде каралган 35,0 миң сом ушул эле бөлүмдүн 2222 беренесине жылдырылсын.
4. 2022-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко жүктөлсүн.
Тѳрага | А.А. Энназаров |