Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2022-жылдын 19-октябры № 47
Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жаңгак айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин негиздеп Эмилов Султандын жазган арызын жана Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылындагы камандын аялдамасындагы О.Мусаев көчөсүнөн талаадагы сайга чейин Эмилов Акматжандын аты коюлсун.
2. Арыз ээси Эмилов Султандын демилгеси менен көчөгө оңдоп-түзөө жана иш кагаздарын алып баруу жагы жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | А.А. Энназаров. |