СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 81
Суу-Башы айыл аймагынын 2023-жылкы бюджетинин чыгышы жана киреше бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй , айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин 3112-статьясындагы 1210,0 миң сомун аппарат разделинин 2215-статьясына , аппарат разделинин 3111-статьясындагы 4047,0 миң сомун аппарат разделинин 2215 – статьясына , аппарат разделинин 3111-статьясындагы 200,0 сомун аппарат разделинин 2222-статьясына , аппарат разделинин 3111-статьясындагы 730,0 миң сомун аппарат разделинин 3112-статьясына жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы М.Анарбаевга милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Бөрүев |