Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 82

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдында “Жанбулак-Ата”таза суу муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №330 токтомуна ылайык,2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жөнүндөгү токтомунда көрсөтүлгөндөй ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу”органдары жөнүндө мыйзамынын 65-беренесине ылайык Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:

 

 

1.  Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдында “Жанбулак-Ата”таза суу муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.

 

2.  Керектүү болгон юридикалык документтерин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин

 

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Бөрүевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.Бөрүев