СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 86
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Г.Караматовдун 2023-жылдын бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Г.Караматовдун бюджетинин сметасын окуп жана талкуулап,Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Г.Караматовдун бюджетинин сметасын окуп жана талкуулап,жалпы депутаттардын колдоосунун негизинде,Г.Караматовдун жылдык бюджетинин сметасы 501480(беш жүз бир мин торт жүз сексен)сом болуп бекитилүүгө макулдук берилсин
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Г.Караматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Бөрүев |