СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 88
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүнүн негизинде Кара-Токой айылынын Ширеч насостук станциясынан,насостук станцияга келүүчү сугат суунун баш жагына (головной) чейинки 2км аралыкты Суу-Башы айыл аймагынын балансынан Баткен райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча билдирүүнү угуп,талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүнүн негизинде Кара-Токой айылынын Ширеч насостук станциясынан,насостук станцияга келүүчү сугат суунун баш жагына (головной) чейинки 2км аралыкты Суу-Башы айыл аймагынын балансынан Баткен райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон юридикалык документтерин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Бөрүевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүев |