Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 1-июлу № 53
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 23.05.2023-жылдагы №38т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын Улак-Жай участкасында чек ара тозотун куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясына которулган 1,0 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шадиманова |