Редакцияот 01.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 1-июлу № 54

Жер аянтын трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын Эзкиздик долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын Эзкиздик долбоорун бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынан 261,0 га жер аянтын жана Зардалы айылынан 21,0 га жер аянтын калктуу конушка трансформациялоо үчүн даярдалган башкы пландын Эзкиздик долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова