КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №50
Мыйзамы менен ратификацияланганАстана шаары2006-жылдын 4-июлу Казакстан Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Казакстан Республикасынын жарандары эмгекчи-мигранттардын эмгек ишмердүүлүгү жана укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Эларалык Эмгек Уюмунун алкагында иштелип чыккан принциптерге жанаадам укуктары тармагында негиз түзүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун доку-менттерине таянуу менен; Алматы шаарында 1997-жылдын 8-апрелинде кол коюлган Кыргыз Респуб-ликасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достукжөнүндө
келишимдин принциптерин жетекчиликке алып, Москва шаарында 1994-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Эмгекчи-миг-ранттардын эмгек миграциясы жана аларды социалдык жактан коргоо тарма-гындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболоруна негизденип, эки мамлекеттин аймагында убактылуу иштешкен Кыргыз Республикасы-нын жарандарынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынын эмгек иш-мердүүлүгү жана социалдык жактан коргоо жагында эки тараптуу кызматта-шуунун укуктук негиздерин өнүктүрүү максатында, Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуукызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экенди-гин эске алып, мыйзамдуу эмгек миграциясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулуп,төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдертөмөндөгүлөрдү билдирет: "эмгекчи-мигрант" - чыгып кете турган Тараптын аймагында туруктуужашап, жумушка орноштуруучу Тараптын мамлекетинин аймагында акытөлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгү менен мыйзамдуу негизде алектенген адам; "Чыгып кете турган Тарап" - эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган мам-лекеттин аймагы жана жумушка орноштуруучу Тарапка акы төлөнүүчү эмгекишмердүүлүгү менен алектенүү үчүн жөнөйт; "Жумушка орноштуруучу Тарап" - чыгып кете турган Тараптан келишкенэмгекчи-мигранттар акы төлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгүн убактылуу жүзөгөашырган мамлекеттин аймагы; "жумуш берүүчү" (жалдоочу) - эмгекчи-мигрант эмгектик мамиледетурган жумушка орноштуруучу тараптагы юридикалык жактары же жеке адам-дары; "жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттик" - Тараптардын мамлекет-теринин мыйзамдарында бекитилген тартипте каттоодон өткөн, Тараптардынмамлекеттеринин жарандарын жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүчү юриди-калык жак же жеке адам. 2-статья. Бул Макулдашуу эмгекчи-мигранттарга карата колдонулат. Бул Макул-дашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт: качкындарга жана аргасыз көчүпкелгендерге; жеке ишкерлик менен алектенген адамдарга, артисттерге жана спорт-смендерге. 3-статья. Өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана адам укуктары тарма-гындагы эларалык ченемдерге ылайык Тараптар эмгекчи-мигранттардын укук-тарын сыйлоого жана коргоону камсыз кылууга, жынысы, жаш курагы, тили,этникалык жана социалдык теги, атуулдугу, үйбүлөлүк жана мүлктүк абалы,ошондой эле башка ар кандай белгилер боюнча дискриминациянын бардыктүрлөрүнө жол бербөөгө милдеттенишет. 4-статья. Бул Макулдашууну аткарууга ыйгарым укуктуу органдар болуптөмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жу-муштуулук боюнча мамлекеттик комитети; Казакстан Республикасында - Казакстан Республикасынын Эмгек жанакалкты социалдык жактан коргоо министрлиги. Бул Макулдашууну аткарууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн Та-раптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын башка компетенттүү ор-гандарын тартууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл болгон учурда бул Макулдашуу-нун нормаларын аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынКазакстан Республикасындагы Элчилигинин алдында ыйгарым укуктуу орган-дын өкүлчүлүгүн түзүүгө укуктуу. 5-статья. Жумушка орноштуруучу тараптын аймагына эмгекчи-мигранттардын кели-ши, алардын эмгектик ишмердүүлүктөрү, аймакта болуусу жана кетүүсү жу-мушка орноштуруучу тараптын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Тараптар жумушка орноштуруучу тараптын мыйзамдарын бузган учурлар-да эмгекчи-мигрантты мөөнөтүнөн мурда эмгек мамилелерин токтотууну та-лап кылууга жана чыгып кете турган тарапка кайра кайтарууга укуктуу. 6-статья. Эмгекчи-мигранттын эмгек ишмердүүлүгү бир же андан көп тилде жумушберүүчү тараптын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жеке эмгектик келишимдин(контракттын) негизинде жүзөгө ашырылат. Жеке эмгектик келишим (контракт) жумуш берүүчү менен эмгекчи-миг-ранттын милдеттерин, жумуш берүүчү менен эмгекчи-мигранттын негизги ма-алыматтарын, акыркы жолу жумушка орношкондогу кесибин/адистигин, жумуш-тун мүнөзү, квалификацияны жогорулатуу, эмгек шарттары жана айлык акы-сы, негизги жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын узактыгы, жашоошарттары, транспорттук чыгымдарды жабуу тартиби, медициналык кызматкөрсөтүү жана өндүрүштөгү кырсыктардан камсыздандыруу, эмгектик та-лаш-тартыштарды чечүү жолдору, жеке эмгектик келишимдин колдонулушмөөнөттөрү жана аны токтотуу шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Жумушка орноштуруучу тараптагы мамлекеттин аймагында эмгектик иш-мердүүлүктү жүзөгө ашырууга тартылган эмгекчи-мигранттар 18 жаштан жашболбошу керек. Эмгек мамилелери токтотулган кезде эмгекчи-мигранттын талабы боюн-ча жумуш берүүчү иштеген ишинин мөөнөтү жана ай сайын алынган айлыкакысын көрсөткөн, мөөр менен тастыкталган мааламкатты бериши керек. 7-статья. Тараптар эмгекчи-мигранттар эмгек ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашыруу-лары үчүн ыњгайлуу жана өзара ылайыктуу шарттарды түзүү максатында: эмгектик миграция тармагында өз өлкөлөрүндөгү улуттук мыйзамдаржана Тараптардын мамлекеттеринин эмгек рынокторунда жумуш күчүнө болгонсуроо-талаптар жөнүндө бири-бирине маалымдап турушат; Чет өлкөлүк жумушчу күчүн чет өлкөгө чыгарууга жана/же киргизүүгөбайланыштуу ишмердүүлүккө лицензиясы (уруксаты) бар жумуш менен камсызкылуучу жеке агенттиктердин тизмелерин алмашып турушат; Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү тиешелүүлицензиясы (уруксаты) жок ортомчулардын эмгекчи-мигранттарды жумушкаорноштуруусун болтурбоо максатында зарыл чараларды көрүшөт; Тараптардын мамлекеттеринин региондоруна тиешелүү ыйгарым укуктар-ды өткөрүп берүү менен эмгек миграциясы тармагында региондук кызматта-шууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 8-статья. Тараптар чыгып кете турган тараптан жумушка орноштуруучу тарапкажумуш берүүчү койгон квалификациялык талаптарды эске алуу менен эмгек-чи-мигранттарды тандоого жана жумушка орноштурууга жумуш менен камсызкылуучу жеке агенттиктерди тартуу аркылуу мыйзамдуу эмгек миграциясынкамсыз кылуучу механизмдерди түзүүгө жардам көрсөтөт. Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер мамлекеттик органдар,жумуш орундарын түзүүдө жана жумуштуулук программаларын ишке ашыруудаишке орноштуруу маселелери боюнча жумуш берүүчүлөр менен өз ара аракет-тенишет. Жеке агенттиктердин ишмердүүлүгү жумушка орноштуруучу тараптынмамлекетинин аймагында ал мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынанкөзөмөлдөнөт. 9-статья. Эмгекчи-мигранттар жумуш берүүчү тараптын мыйзамдарына ылайык со-циалдык камсыздандыруудан пайдаланышат. Эмгекчи-мигранттарды медициналык жактан тейлөө, эгерде бул эмгеккелишиминде (контрактта) каралган болсо, жумуш берүүчүнүн каражаттары-нын эсебинен жүзөгө ашырылат. 10-статья. Тараптар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон дипломдор-ду, билим тууралуу күбөлүктөрдү, наам, разряд, квалификация ыйгаруужөнүндө документтерди жана башка тиешелүү документтерди, ошондой элечыгып кете турган тараптын аймагында белгиленген тартипте жумушка ор-ноштуруучу тараптын мамлекеттик тилине же орус тилине которулган жанакүбөлөндүрүлгөн котормосун мыйзамдаштыруусуз таанышат. 11-статья. Бул Макулдашуунун негизинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмгек-чи-мигранттар жумушка орноштуруучу тараптын ички валюталык рыногундачет өлкөлүк валютаны сатып алууга, ошондой эле жумушка орноштуруучу та-раптын мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган мамлекетке иштеп тапкан ка-ражаттарын чет өлкөлүк валютада которууга жана алып кетүүгө укуктуу. Эмгекчилердин кирешелерине салык салуу жумушка орноштуруучу тарап-тын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө ишке ашырылат. 12-статья. Эмгекчи-мигранттын жумушка орноштуруучу тараптын аймагында зарылболо турган жабдууларды жана техникалык каражаттарды алып келүүсү жаначыгып кеткен тарапка кайрадан алып кирүүсү, ошондой эле жумушка орнош-туруучу тараптын аймагында сатылып алынган товарларды эмгекчи-мигрант-тын ташып кетүүсү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ыла-йык ишке ашырылышы керек. 13-статья. Эмгекчи-мигрант жумушка орноштуруучу тараптын жарандары менен ка-тар төмөнкү укуктарга ээ: коопсуздукка жана эмгекти коргоого; медициналык тез жардам алууга; эмгек милдеттерин аткаруу учурунда өмүрүнө жана ден соолугуна кел-тирилген зыяндын ордун толтурууга. Эмгекчи-мигрант эмгек милдеттерин аткарышына байланыштуу алынганзыяндын же кандайдыр-бир ден соолукка келтирилген башка зыяндын натый-жасында эмгек жөндөмдүүлүгүн жоготсо же кайтыш болсо, жумуш берүүчү жа-быр тартканды же кайтыш болгонду чыгып кеткен тараптын аймагына ташыпжеткирүүнү камсыз кылат, буга кеткен бардык чыгымдарды тартат, кайтышболгондугу, кырсык же кесиптик оору тууралуу, эгерде башкасы жеке эмгеккелишиминде (контрактта) каралбаса, ошол Тараптын мамлекетинин диплома-тиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине мааалымдайт. 14-статья. Эмгекчи-мигранттын туруктуу жашаган жеринен жумуш берүүчүгө бары-шына жана кайра келишине кеткен чыгымдарды, ошондой эле жол жүргөндөооруп калгандыгына же зарыл стационардык дарыланууга байланыштуу чыгым-дар, эгерде башкасы жеке эмгек келишиминде (контрактта) каралбаса, жу-муш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен төлөнүшү мүмкүн. Эгерде башкасы жеке эмгек келишиминде (контрактта) белгиленбесе,анда жеке эмгек келишими (контракт) эмгекчи мигранттын демилгеси боюнчабузулган учурда эмгекчи мигрант жогоруда аталган бардык чыгымдарды тар-тат. 15-статья. Мамлекеттердин биринин аймагында жашаган эмгекчи-мигранттар ушулМакулдашуудан келип чыккан бардык суроолор боюнча түздөн-түз же жашаганжери боюнча бийликтин тийиштүү органдары аркылуу башка өлкөнүн компе-тенттүү органдарына кайрыла алышат. Тараптардын биринин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнчабашка Тараптын компетенттүү органдары өз өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарынаылайык зарыл документтерди, анын ичинде ушул Макулдашууну аткаруугабайланыштуу маселелер боюнча архивдик материалдарды бериши керек. 16-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болупсаналган жана ушул Макулдашуунун 17-статьясынын жоболорунда каралгантартипте күчүнө кирген атайын протоколдор менен таризделет. Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыкканбардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер ыйгарым укуктуу орган-дардын ортосундагы консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолуменен чечилет. 17-статья. Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн зарылболгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуужүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартыпкүчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бириушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдиргенбилдирүүсүн экинчи Тарапка тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин алты айданкеч эмес убакта жөнөтпөсө, өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мөөнөттөргөузартыла берет. Мындай учурда бул Макулдашуу Тараптардын бири экинчи Тараптын тие-шелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан тартып алты ай өткөндөн ки-йин өз күчүн жоготот. Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда анын жоболору жу-мушчу менен жумуш берүүчүнүн (жалдоочунун) ортосунда түзүлгөн эмгек ке-лишимдерине (контракттарга) карата алар түзүлгөн мөөнөт аяктаганга че-йин күчүндө кала берет. Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки түп нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкканучурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн