Редакцияот 01.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 1-июлу № 55

Жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы №165, №350, №378, №669 котурларындагы 109,0 га жайыт жерлерди көп жылдык бактар түрүнө которууга макулдук берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова