Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 1-июлу № 59
Погрузчик техникасын пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Погрузчик техникасы Алты-Адыр таза-суу муниципалдык ишканасына пайдаланууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шадиманова |