Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 63
Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жана Ош шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планына ылайык, Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин салык жана салык эмес кирешелеринин пландык көрсөткүчтөрүнүн ашыкча аткарылуусун камсыз кылуу;
-“Келечекке татыктуу шаар” Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы милдеттемелердин аткарылышын камсыз кылуу;
-Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын 2022-жыл ичинде аткарылуучу титулдук баракчаларында бекитилген милдеттемелердин өз убагында сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө;
-муниципалдык обьекттерди эффективдүү пайдалануу жана муниципалдык обьекттерден жергиликтүү бюджетке түшүүчү кошумча кирешелердин резервин табуу;
-коомдук транспорт тармагынын абалын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну колго алуу;
-Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
-милдеттери кайталанган муниципалдык мекемелердин ишин оптимизациялоо;
-шаардагы мыйзамсыз курулуштарды мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга жол берген жетекчилерге чара көрүү;
-Ош шаарындагы муниципалдык ишканаларды санариптештирүү боюнча жумуштарды тездетүү;
-Ош шаарындагы Араван кичи районундагы “Гүл базарын” Ош улуттук драма театрынын жанына жылдыруу, Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан Араван кичи районундагы аялдаманын сол жагына кечкисин саат 20-00 дөн эрте мененки саат 06-00 ге чейин унаа токтотууга уруксат берүү, Г.Айтиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн, А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн, А.Масалиев жана И.Монуев көчөлөрүнүн кесилиштеринде транспорт тыгындарын азайтуу үчүн кечкисин саат 17-00 дөн 20-00 чейин жол кайгуул кызматкерлеринин көзөмөлүн уюштуруу маселелерин карап чыгуу;
-шаардагы коомдук кичи автобустарда окуучуларды тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана интенсивдүү кыймыл маалында (час пик) маршрутук каттамдардын санын көбөйтүү;
-А.Навои атындагы көчөдөгү көпүрөнүн астына унаа токтотууга тыюу салуу;
-“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан тейленбеген аймактарда лотокторду тазалоо жана бак-дарактарды сугаруу милдетин муниципалдык аймактык башкармалыктарына жүктөө;
-А.Навои эс алуу паркында иш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгыгынын ортосунда түзүлгөн келишимдерди башкадан карап чыгып, аукцион өткөрүү, Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркында аттракцион, батут, велосипеддерди ижарага берүү жана башка балдардын оюн-зоок курулмаларын жайгаштырууга тыюу салуу, майрам күндөрдөн сырткары соода сатык иштерине жол бербөө;
-Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун тез арада аягына чыгаруу;
-Ош шаарынын муниципалдык менчигине жеке жактарга өтүп кеткен балдар бакчаларды
кайтарып алуу жана Жапалак айылындагы спорт залды, ошондой эле Төлөйкөн айылынын А. Саргалчаев көчөсүндө жайгашкан спорт залды жана 1,4 гектар жерде жайгашкан имаратты жери менен алуу боюнча иштерди алып баруу;
-Курманжан-Датка көчөсүндөгү муниципалдык ипотекалык шартта курулган көп кабаттуу үйгө жылуулук берүүчү трасса тартууга кеткен чыгымдарды ал жылуулук трассасына кошулуучу башка көп кабаттуу үйлөрдү курган курулуш компаниялардын эсебинен калыбына келтирүү маселелерин чечүү,
аталган үйдүн биринчи кабатын жана жер төөлөсүн Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна берүү маселесин карап чыгуу;
-Ош шаарындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” тарабынан юридикалык жана психологиялык жардам берүү кызматын кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү;
-Ош шаарында мугалимдерди жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча борборду уюштуруу;
-Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунунун алкагында коомдук тартипти сактоо, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо багытында кечиктирилгис чараларды көрүү;
-жылдын жыйынтыгы менен аталган токтомдун аткарылышы боюнча Ош шаардык Кеңешине маалымат берүү милдеттендирилсин.
3.Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (С.Аматова) Ош шаарында мугалимдерди жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча борборунун долбоорун иштеп чыгып, шаардык Кеңешке сунуштоосу жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мектеп директорлорунун кызматтык ордун кароо тапшырылсын.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков