Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августу № 3
Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №242-т тескемесине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондунун жана Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы №01-22/1768 чыгыш каттарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү максатында Нарын шаарына республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттер аркылуу 76,0 млн.сомдук 5 (беш) бирдик электробустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн бөлдүрүп алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А.Молдосалиев |