Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августу № 8
“Нарын шаарынын аймагында үй –бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 2-августундагы катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы тийешелүү туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык мэриясынын «Нарын шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө» Жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кабыл алынган Жобо Нарын шаарынын жашоочуулары жана шаардын аймагындагы бардык мекеме, ишканалар тарабынан аткарууга алынсын.
3. Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарындагы тийиштүү мекеме, ишканалар жана укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А.Молдосалиев |
Тиркеме
Нарын шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгарылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Нарын шаарынын аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, маркум ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат, терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Нарын шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, Нарын шаардык мэриясынын сайтына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү Кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайтына жарыяланат.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга, мекеме-ишканаларга жергиликтүү Кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар коомдо калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3.3. Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар эсебинен) 200 адамга чейинки «Банкеттик кече» же конок тосуу менен «Салттуу той» формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда бодо мал союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый досторконду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.
3.4. Кудалашуудан баштап, үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.
3.5. Тойдон кийинки салттык отко киргизүү, төркүлөтүү ж.б.у.с. кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 20дан ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
3.6. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.
3.7. Куда тосууда түштөндүрүү салтында 2 үйдөн ашпасын.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4.2. Маркум чыккан (азалуу) үйдө, кыркылык, жылдыгында 1 бодо же 2 майда жандыктан ашык эч кандай жандык союлбайт, келгендерге ашыкча чыгым болуучу дасторкон жайылбасын.
4.3. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с.), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып «жыртыш» таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны, табак, дастаркон, самын, жип, баштык, чай ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат.
4.4. Кабырдын үстүнө жещил тосмо менен чакан белги коюуга гана уруксат берилет, ашыкча чыгым келтирүүчү чощ курулуш, күмбөз коюуга тыюу салынат.
4.5. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук ирээтинде куран окутууга уруксат берилет. Куран окутууда адамдын жалпы саны 150дөн ашпасын.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Нарын шаарынын мэринин 1-орун басары, комиссиянын төрагасы, Нарын шаарынын мэринин орун басары, мүчөлөрү: Нарын шаардык мэриясынын башкы адис-юристи, Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси, Нарын шаардык Кещешинин депутаттары (макулдашуу менен), Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын башчысы, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Нарын шаардык аялдар Кещешинин төрайымы, Нарын шаардык жаштар Кещешинин төрагасы, Нарын шаардык аксакалдар соту, Нарын облусунун Казыяты (макулдашуу менен), Нарын шаарынын баш имам хатиби, Нарын шаардык аксакалдар Кещешинин төрагасы жергиликтүү комиссияга кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн жумушчу топ
5.1.1. Жергиликтүү комиссия Нарын шаарында, Нарын шаардык мекеме-ишканаларда түзүлөт. Анын курамына кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия мэрдин буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Нарын шаарындагы комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары, өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, маркум ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Нарын шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү органдын уставында жана шаардын, ички ченемдик укуктук актыларында жана эрежелеринде каралган Коомдук алдын алуу борборлорунда кароо менен айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Жооптуу катчы | А.Абдыкеримов |