Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августу № 9
Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосуна Нарын шаарынан сунушталып жаткан долбоорлор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке аша турган долбоорлор аталган фонддун кароосуна сунушталсын (тиркеме тиркелет).
2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан сунушталган долбоорлор менен иш алып баруу жана ар бир мекеме, ишкана жыл аягына чейин кошумча бирден кем эмес шаарга киреше алып келе турган экономикалык жана социалдык долбоорлорду даярдап сунуштоо жагын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Молдосалиев |
Тиркеме
Нарын шаарындагы Теңир-Тоо өнүктүрүү Фондуна сунушталып жаткан долбоорлор
№ | Аталышы | Сүрөттөмө | Суралуучу сумма | Өздүк салым | Жалпы суммасы | Жаңы жумушчу орун | Эскертме |
1 | Нарын шаардык транспорт ишканасына эл ташуучу кичи автобустарды алуу | Марка: Mercedes-Benz Sprinter Транспорт түрү: пассажирский Чыккан жылы: 2008-2010 ДВС көлөмү:2.2SDI, 2.7SDI, 3.2 SDI Отуруучу орундуктар:16-20 КПП: механика Күйүүчү майдын түрү: дизель 1 кичиавтобус – 1 400 000 сом турат. 10 кичиавтобус керектелет. | 13 000 000 | 1 000 000 | 14 000 000 | 14 |
|
2 | Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына «Пилорама» ачуу | Пилорама станогу «Тайга Т-2» | 400000 | 50 000 | 350 000 | 2 |
|
3 | Нарын шаардык суу-канал ишканасына токардык станок алуу жана кызмат көрсөтүү | Универсальный токарно-винторезный станок METAL MASTER X36100 (380V) с УЦИ – 990 000 сом. | 910 000 | 90 000 | 1 000 000 | 2 |
|
4 | Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына жаңы автотехникаларды сатып алуу | Мусоровоз – 1 даана (4 750 000 сом) Экскаватор-погрузчик – 1 даана (15 000 000 сом) Шыпырып-тазалоочу автотехника – 1 даана (4 950 000 сом) | 24 700 000 | 3 500 000 | 21 200 000 | 3 |
|
5 | Муниципалдык мончонун капиталдык ремонттон өткөрүү | Азыркы тапта муниципалдык мончонун 2 бөлүгү иштеп жатат. Дагы бир бөлүгү капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж. | 1 320 000 | 180 000 | 1 500 000 | - |
|
6 | «Арашан» минералдык суу чыгаруу заводун ишке киргизүү | Төмөндөгү жабдуулар талап кылынат: - Автоматтык суу куюу линиясынын толук комплекти - Сактоочу резервуар - Тащгактоочу жабдуулар - РЭТ үйлөтүү жабдыгы - 2 даана суу ташуучу унаа алуу | 30 500 000 | 2 500 000 | 28 000 000 | 20 |
|
7 | Мебель цехти кеңейтүү | Төмөнкү жабдуулар талап кылынууда:
- CNC фрезер жана оюу станок - "WOODMAN WM 1325D" - Сырдоо камерасы «MF9225B» - Кесүүчү станок «MJ6132» - Тегерек түтүк үчүн өнөр жай түтүгүн ийүүчү - Порошок боёктун полимеризациялоо камерасы - Темир кесүү үчүн тилкелүү араалар - Майда-так сваркалоо аппараты Telwin DIGITAL PULLER 5500 DUO | 3 893 000 | 102 000 | 3 995 000 | 20 |
|
8 | Кол кап чыгаруучу цех ачуу | Россия Федерациясынан чыккан 2 кол кап тигүүчү цех сатып алуу | 500 000 | 120 000 | 620 000 |
|
|
|
| Жалпысы: | 63 243 000 | 7 422 000 | 70 665 000 |
|
|
Жооптуу катчы | А.Абдыкеримов |