Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 4-февралы № 01
Алга айылдык кенешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Алга айылдык кенешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселенин угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-майындагы “Алга айылдык кеңешинин регламентин бекитүү” жөнүндөгү №3 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүүнүн нормалары депутаттардын жумуштарын, кесипкөйлүгүн эске алып, жекшембиден башка күндөргө өткөрүүгө уруксат берилсин.
3. Дем алыш күндөрү айыл өкмөтү аткаруу адистери сессияга катышууда айыл өкмөтү датацияда отургандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнбөсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент жана мандат, социалдык маселелер, жарандардын укугун, кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга (С.Полотов) тапшырылсын.
Төрайым : | Р .Арынова. |