АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 4-февралы № 11
Алга айыл аймагынын Адыр айылындагы Атчабар жаңы конушуна эл. линиясын тартуу долбооруна айыл өкмөтүнүн салымын кошуу жөнүндө
Алга айыл аймагынын Адыр айылынын Атчабар айылында жайгашкан жаңы конушуна электр линиясын тартуу боюнча Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу максатында Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл аймагынын Адыр айылындагы Атчабар жаңы конушуна электр линиясын тартууга Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 285,377( үч жүз сексен беш миң үч жүз жетимиш жети) сом ажыратылып, өздүк салым катары белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) тапшырылсын.
Төрайым: | Р .Арынова |