Редакцияот 04.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 4-февралы № 12

Айыл өкмөтүнүн Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндөгү” маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алга айыл өкмөтүнүн Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу ифраструктура тузүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилсин.

 

 

1. Бекитилген иш-аракеттер планын иш жүзүнө аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова