Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 4-февралы № 17
Алга айыл аймагындагы Шыбран айылына суу келүүчү арыкты бетондоого айыл өкмөтүнүн салымын кошуу жөнүндө
Алга айыл аймагындагы Шыбран айылына суу келүүчү арыкты бетондоого айыл өкмөтүнүн салымын кошуу максатында Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алга айыл аймагынындагы Шыбран айылына суу келүүчү арыкты бетондоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000(жүз элүү миң) сом ажыратылып, өздүк салым катары белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) жүктөлсүн.
Төрайым: | Р .Арынова |