Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-ноябры № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин жаңы конушунун көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын “Жаңы Турмуш” көчөсүнө Жумабаев Төлөндүн атын коюу боюнча баласы Жумабаев Абдрашиттин сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эркин айылынын “Жаңы Турмуш” көчөсүнө Жумабаев Төлөндүн аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Жумабаев Төлөндүн аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү, уулу Жумабаев Абдрашитке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн айыл башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |