Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-ноябры № 2
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман жаңы конушунун көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман жаңы конушунун көчөсүнө Сайдаматова Анархандын атын коюу боюнча кызы Саттарова Сүйүмкандын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тельман жаңы конушунун көчөсүнө Сайдаматова Анархандын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Сайдаматова Анархандын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү, кызы Саттарова Сүйүмканга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн айыл башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |