Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-ноябры № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн Коңурат айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Коңурат айылынын көчөсүнө Самибаев Жаныбек атын коюу боюнча баласы Самибаев Бакыттын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Коңурат айылынын көчөсүнө Самибаев Жаныбектин аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Самибаев Жаныбектин аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы Самибаев Бакытка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн айыл башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |