Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 2
Сарай айыл өкмөтүнүн Коңурат айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Коңурат айылынын көчөсүнө Калмурзаев Ахматтын атын коюу боюнча баласы Калмурзаев Жыргалбектин сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Коңурат айылынын көчөсүнө Калмурзаев Ахматтын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Калмурзаев Ахматтын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү, уулу Калмурзаев Жыргалбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн айыл башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |