Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 5
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылынын №6 көчөсүнө Абдраимов Үсөндүн атын коюу боюнча баласы Абдраимов Бектурдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тельман айылынын №6 көчөсүнө Абдраимов Үсөндүн аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Абдраимов Үсөндүн аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү, уулу Абдраимов Бектурга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн айыл башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |