Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 1

Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, элдик жыйындын талкуусу менен түзүлгөн Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) Уставын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) Уставы бекитилсин.

 

2.     Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (ИАСС) Сарай айыл өкмөтүнө каттоого алынсын.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Салимов