САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 7-февралы № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 132770,6 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 149087,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2022-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |