Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 7-февралы № 8
Сарай айыл аймагында “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн орун басары У.Мадымаровдун Сарай айыл аймагынын “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу максатында түзүлгөн иш-аракеттерин бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу максатында түзүлгөн иш-аракеттер планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгынын аткарылышы айыл өкмөтүнүн орун басары У.Мадымаровго тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |