САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 7-февралы № 9
Сарай айыл аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча зомбулуктан жабырлангандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн орун басары У.Мадымаровдун Сарай айыл аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча зомбулуктан жабырлангандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча зомбулуктан жабырлангандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айылдык кеңешинин туруктуу бюджет комиссиясынын төрайымы К.Андашевага жана Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Мадымаровго тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |