САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 7-февралы № 10
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка болгон төлөм жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер чогулушунун протоколдук чечимин негиздеп, У.Мадымаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын январь айынан баштап мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелер тарабынан тамак-ашка ай сайын бир балага берилүүчү төлөмдүн нормативи 1000 (миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун негизинде иш алып баруу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |