Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 1
2023-жылга мал жандыктарды жакынкы жана алыскы жайыттарга жайгаштыруу иштерин уюштуруу жөнүндө
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 28-февралындагы «2023-жылга мал жандыктарды жакынкы жана алыскы жайыттарга жайгаштыруу иштерин уюштуруу боюнча милдеттер жөнүндөгү» отурумунда кабыл алынган чечимди угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жакынкы жана ортоңку жайыттардын деградацияга учурап жаткандыгына байланыштуу жайыттагы чөптөрдүн өсүп алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында жакынкы жана ортоңку жайыттарга ири мүйүздүү малдарды 1-майдан, кой эчкилерди 20-апрелден жана жылкыларды 1-апрелден жайгаштыруу боюнча мал ээлери жана мал багуучулар менен жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетине жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Мадымаровго тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |