Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 2
Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгы боюнча Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы спорт аянтчасын эс алуу үчүн шарт түзүү максатында Мамаев Абдилазизге айына 50000 (элүү миң) сомго ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |