Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 3
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жерлерди которуу (транформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун, Кара-Суу районунун мамлекеттик адмнистрациясынын 2023-жылдын 15-мартындагы корутундусун жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Джунусовдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы №149 контурунда жайгашкан 0,30 га кырмандын эсебиндеги жер аянтына тигүүчү цех куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |