Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 6
2022-жылдан 2023-жылдын 1-январына карата калган бюджеттик калдыкты жана атайын каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан 2023-жылга калган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 18032,2 миң сом бюджеттик жана 948,2 миң сом атайын каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык бекитилсин.
2. Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык, анын ичинде: биринчи кезекте өткөн жылдан каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга, Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы жана жамаатык келишимдин негизинде кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү үчүн компенсация төлөөгө жана айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.
3. 2023-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган атайын каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык башкаруу аппаратынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин муктаждыктарына чыгымдоо үчүн белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |