Редакцияот 04.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 4-февралы № 22

М.Горький атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуу жана тегиздөө жөнүндө

Алга айыл аймагындагы “Гүлдесте” балдар бакчасына 2023-жылга кошумча жаңы имараттын курулуш долбоору ишке ашыруу пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу, М.Горький атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуу жана тегиздөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    М.Горький атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуу жана тегиздөөгө уруксат берилсин.

2.   Мектептин эски имаратын бузуу жана тегиздөө боюнча тийиштуу адистерден турган жумуштар көлөмүн аныктоо үчүн комиссия түзүлсүн.

3.   Бузууга кеткен чыгымдар, бузуудан кеткен материалдар эсебинен жумшалсын.

4.   Ушул токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтунө (Ж.Дыканов) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) жүктөлсүн.

 

Төрайым:

Арынова Р.