Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 18-майы № 38
Алга айыл аймагындагы М.Горький жана Чукур-Кыштак атындагы орто мектебине стадион куруу жөнүндө
Айыл аймагындагы М.Горький жана Чукур-Кыштак атындагы орто мектебинин мектеп окуучуларынын спрот менен машыгууда азыркы замандын талабына ылайык балдарды спорттук оюндар менен машыгуусуна ынгайлуу, жакшы шарттарды максатында Алга айыл аймагынын М.Горький жана Чукур-Кыштак атындагы орто меткебине стадион куруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы М.Горький жана Чукур-Кыштак атындагы орто мектебинин мектеп окуучуларынын спрот менен машыгууда азыркы замандын талабына ылайык балдарды спорттук оюндар менен машыгуусуна ынгайлуу, жакшы шарттарды тузүү максатында стадион курууга иш кагаздарын даярдоого уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы, иш кагаздарын долбоорун даярдоо жагы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент жана мандат, социалдык маселелр, жарандардын укугун кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга (С.Полотов) жүктөлсүн.
Төрайым: | Р .Арынова |