Редакцияот 18.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 18-майы № 39

Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду эсебинен каржылануучу долбоорлорго айыл өкмөтүнүн салымын кошуу жөнүндө

Алга айыл өкмөтүнүн чек ара аймагына жайгашкан айылдардагы элдердин турмуш шартын оңдоо жана жашоо үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү максатында Алга айылындагы “Бостон” көчөсүнүн 500 метр аралыгына асфальт төшөө зарылчылыгы келип чыгууда. Ушул маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Алга айылындагы “Бостон” көчосүнүн 500 метр аралыгына асфальт төшөө үчүн түзүлгөн 3 030 532 ( үч миллион отуз миң беш жүз отуз эки) сомдук долбоор сметасы бекитилсин.

2. Сметада көрсөтүлгөн сумманын 66% 2 000 000 (эки миллион) сому Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын, ал эми 34% 1030532 ( бир миллион отуз миң беш жүз отуз эки) сому Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.

3.  Ушул токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмотуно (Х.Досанов) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктурүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова