АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 18-майы № 43
Чукур-Кыштак айылы жана Алга № 2 айылынын Өзгөрүш көчөсүнүн жашоочуларынын арыздары жөнүндө
Чукур-Кыштак айылы жана Алга № 2айылынын Өзгөрүш көчөсүнүн жашоочуларынын арыздары жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чукур-Кыштак айылынын “Киткан” көчөсүнүн жашоочуларына таза суу жана ичимдик суу маселесин чечүүдө жер асты сууларын бургулоо методу менен (самотек) чыгарууга Алга айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлсүн.
2. Алга № 2 айылынын Өзгөрүш көчөсүнүн жашоочуларын Таза-Сууну чыгаруу жана менен камсыз кылуу жагы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент жана мандат, социалдык маселелер, жарандардын укугун кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга (С.Полотов) жүктөлсүн.
Төрайым: | Р .Арынова |