Редакцияот 22.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезексиз он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 22-майы № 49

Алга айылынын тургуну А.Юзбаевдин 5,0(беш) гектар жери боюнча соттук териштирүүдөгү иштери боюнча Алга айыл өкмөтүнүн ишенимдүу өкүлү А.Батировдун аткарган иштеринин кайра кароо

Алга айылынын тургуну А.Юзбаевдин 5,0(беш) гектар жери боюнча соттук териштирүүдөгү иштери боюнча Алга айыл өкмөтүнүн ишенимдүу өкүлү А.Батировдун аткарган иштеринин кайра кароо боюнча маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Алга айылдык кеңешинин 2013-жылдын 27-апрелиндеги жетинчи чакырылышын кезексиз он бешинчи сессиясынын № 15 протоколу жана № 34 токтому , 2023-жылдын 28-апрелинде ишенимдүү өкүл А.Батировго Алга айыл өкмөтүнөн берилген № 01-33/346 сандуу ишеним каты жокко чыгарылсын.

2. Алга айылынын тургуну А.Юзбаевдин 5,0(беш) гектар жери боюнча соттук териштирүүдөгү иштери боюнча Алга айыл өкмөтүнүн ишенимдүу өкүлү А.Батировго айыл өкмөтү тарабынан берилген ишеним кат Жогорку соттун чечимине негиз токтотулсун.

3. Эки тарапты элдештирүү жана тартипке чакыруу жагы Аксакалдар сотуна (И.Салиев) жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрайым:

Р .Арынова