Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры № 181 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылга чейинки мезгилге Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин макулдашылган транспорттук саясатынын концепциясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кењешинин 2004- жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган чечимин ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2010-жылга чейинки мезгилге Көз карандысыз Мамлекет-тердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин макулдашылган транспорт-тук саясатынын концепциясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шерик-тештигинин Өкмөт башчыларынын Кењешинин 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган
Чечими ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Чечимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев