Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ - сессиясы
2023-жылдын 17-апрели № 3
Каныш-Кыя айыл өкмөтунөн максаттуу трансферт катары каражат алуу жөнүндө
Чаткал айыл өкмөтү дотациядагы айыл өкмөттөрдүн катарында экендигине байланыштуу айыл аймактын “Социалдык экономикалык өнүгүү программасын” ишке ашырууда көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилбей келе жаткандыгын жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн белгиленген өлчөмдө максаттуу трансферт катары каражат алуу боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап талкуулап чыгып Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIХ – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык кеңешинен, Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен Чаткал айыл аймагы менен Каныш-Кыя айыл аймактары коншу бир өрөөндө жайгашкандыгын жана жалпы эле райондун социалдык көйгөйлөрүн жана экономикалык өнүгүүсүн эске алуу менен Чаткал айыл аймагы дотациядан чыкканга чейин жыл сайын 50 000,0 (Элүү миллион)мин. сомдон максаттуу трансферт катары каражат бөлүп, көмөктөшүп туруу жагы суралсын.
3. Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынан ( акимден) айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди, муниципалдык менчиктеги социалдык объектилерди ондоп түзөөдө каржы маселесин райондун аймагындагы кен казган ишканалар менен түзүлгөн меморандумдан жана райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан чечүүгө көмөктөшүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Козубаев. |