Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ - сессиясы
2023-жылдын 17-апрели № 4
Жазгы талаа жумуштары, малдарды жайыттарга жайгаштыруу, көрктөндүрүү, “Жашыл-мурас” улуттук программасы боюнча маселелерди кароо жөнүндө
Чаткал айыл аймагында жазгы талаа жумуштары, малдарды жайыттарга жайгаштыруу, көрктөндүрүү, жана башака маселелер бонча айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган айылдарда жалпы элдик жыйындардардын протоколдорун эске алуу менен Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIХ – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөүнүн башчысынын сунушу эске алынсын.
2. Жазгы айдап себүүнүн баалары төмөнкү бааларда бекитилсин:
- Айдоо акысы -3500сомдон (куйуучу, майлоочу майы ичинде).
- Айдоо акысы дың жер-4000сомдон (куйуучу, майлоочу майы ичинде).
- Мала басуу -1500сомдон (куйуучу майлоочу, майы ичинде).
- Урөөн себүү -1500сомдон (куйуучу майлоочу, майы ичинде).
3. Чекене мал баккандардын акысы төмөнкү бааларда бекитилсин:
- Майда жандык (кой-эчки) бир башка 75сомдон
- Кара мал жана жылкы бир башка 300сомдон
4. Улуш аянттардына түшкөн малдарга айып акылар төмөнкү бааларда бекитилсин:
- Майда жандыктарга(кой-эчкилерге) бир башка 200сом.
-кара мал, жылкыларга 500сомдон.
5. Мурап, суучулардын акысы 1га - 10даана боолай чөп же 5түк пресстелген чөп өлчөмүндө төлөнүп берилсин.
6. “Жашыл мурас” улуттук програмасынын алкадында, айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштарда архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында атайын иш-чаралардын планы түзүп иш алып барылсын.
7. Көчө жээктеринде олтургузулган көчөттөрдү суугарып, кароо үчүн келишимдин негизинде жумушчулар алынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыдоо жагы Чаткал айыл өкмотүнүн башчсы Ө. Токтогуловго жүктөлсүн.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айылдык кеңешинин катчысына
милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Оморовго милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Козубаев. |