Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-июну № 3

Коткор айылындагы № 13 Б.Анаркулов атындагы орто мектебинин алдындагы аянтчага таманташ (брусчатка) басуу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагына караштуу Коткор айылындагы № 13 Б.Анаркулов атындагы орто мектебинин алдындагы аянтчага (площадь) таманташ (брусчатка) басуу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XХVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Коткор айылындагы № 13 Б.Анаркулов атындагы орто мектебинин алдындагы аянтчага (площадь) таманташ (брусчатка) басууга Базар-Коргон Өнүктүрүү фонду тарабынан өздүк салым эсебинен 103 000 сом акча каражаты кароо жагы жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана ФЭБ башчысы Н.Маразыковко милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Айдаров